Кыргызстанда жазгы аскердик өнөктүгү башталды

Аскерге жаңы чакырылгандар. Бишкек. 11-март, 2026-жыл.

Кыргызстанда 18 жашка толгон, аскерге баруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга укуктары жок жарандарды Куралдуу күчтөрдүн катарында милдеттүү түрдө аскердик кызматын өтөөгө чакыруу башталды. 11-мартта Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Балыкчы шаарларында уландар аскер бөлүктөрүнө салтанаттуу узатылды.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жаңы чакырылгандар Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөөгө жөнөтүлдү.

Мыйзам боюнча аскерден бошотулбаган жана кызмат өтөө мөөнөтү жылдырылбаган 18 жаштан 25 жашка чейинки жарандар өздөрү жашаган жердеги аскер комиссариатынан каттоодон өтүүгө тийиш.

Жазгы чакыруу 30-апрелге чейин уланат.

Кыргызстандын милдеттүү аскердик кызмат өтөө жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, аскерге чакыруу жазында жана күзүндө болот. Аскерде кызмат өтөө мөөнөтү бир жыл. (ZKo)

Дагы караңыз

АКШ Ормуз кысыгында Ирандын мина коюучу кемелерин жок кылганын билдирди Былтыр скутер катышкан жол кырсыктарынан 39 адам каза таптыЖогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалдыЧүйдө эки адамды өлтүрүүгө айыпталып төрт шектүү кармалдыУлуттук банк валюта базарына 140 млн доллар сатты