Кыргызстан АКШ менен визалык чектөө боюнча сүйлөшүүнү улантууда

АКШ менен Кыргызстандын желектери.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев АКШ менен визалык чектөөлөр боюнча маселени чечүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок ал үчүн бир катар жумуштарды аткаруу жана убакыт керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 12-марттагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“АКШ 5 жана 10 жылдык визаларды берүүнү убактылуу токтоткон. Бул мамлекетте миграциялык саясатта өзгөрүүлөр болуп атат. Биз АКШ менен визалык чектөөлөр боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келатабыз”, - деди ал.

АКШ 2025-жылдын июль айында бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн кыскарткан. Кыргызстандын жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, ал үч айга чейин азайтылган. Ошондой эле бул виза менен АКШнын аймагына бир гана жолу кирүүгө уруксат берилет.

B-1/B-2 визалары АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаларды алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайра кайтарын далилдеши керек. Кыргызстандыктардын көбү визанын ушул түрүн тандашат.

2026-жылы 6-январда АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесине Кыргызстанды кошкону маалым болгон.

Мамдепартаменттин сайтында белгиленгендей, тизмедеги мамлекеттердин жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болот. Күрөөнүн көлөмүн маектин жүрүшүндө консул аныктайт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ өкмөтү менен визага күрөө талап кылынган жаңы жобо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирип келет. (BTo)

Дагы караңыз

Өкмөт өкүлү күйүүчү майдын кымбатташына жол берилбей турганын айтты"Сезим" борборунун негиздөөчүсү Бүбүсара Рыскуловага БУУнун эстелик белгиси тапшырылдыЖакынкы Чыгыштан Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо планы иштелип чыктыЖергиликтүү 137 судьянын сот иштерин кароодо көрсөткүчтөрү төмөн экени аныкталдыКуванычбек Конгантиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камалдыМилиция укук коргоочу Төлөкан Исмаилованы суракка алып кеттиТынч жыйынга чогулуу укугун коргоо акциясы алдында үч киши милицияга жеткирилди