Акыркы айларда Өзбекстан менен Казакстанда айрым активисттер, журналисттер жана укук коргоочулар жазган посттор жапырт даттануулар аркылуу өчүрүлүп, каналдар бөгөттөлдү.
Казакстан: даттанган “Giorgio Armani”, өчүрүлгөн посттор
Meta компаниясына таандык Facebook жана Instagram платформаларында Казакстанда 15-марттагы референдумга коюлуп жаткан Конституция долбоорун сындаган жарандардын, журналисттердин жана басылмалардын посттору өчүрүлдү. “Азаттык Азия” тактаган маалыматтарга караганда, контенттер “товардык белгиге байланыштуу автордук укуктуу бузуу” деген негиз менен бөгөттөлгөн. Даттануулар “Giorgio Armani” деген ат менен катталган аккаунттан жөнөтүлгөн. Бирок аккаунт ээси ким экени белгисиз.
Respublika.kz басылмасынын Facebook жана Instagram баракчаларындагы материалдар 7-марттан тарта өчүрүлө баштаган. Редакция тараткан маалыматтарда автордук укук бузулбаганын билдиргенине карабастан аларга каршы 167 даттануу жөнөтүлгөн жана натыйжада өткөн жылдын декабрына чейинки посттор да өчүрүлгөн. Башкы редактор Ирина Петрушованын жеке посттору да бөгөттөлгөн.
“Негизинен постторум визуал материалдарсыз, сүрөтсүз эле болчу. Товар белгиси боюнча даттануулар абдан күлкүлүү көрүнөт. Атүгүл тамаша иретинде “Эгер мышыктар тууралуу жазсам да өчүрүшөбү?” деп пост калтыргам. Аны да дароо өчүрүштү”, – дейт Петрушова.
Meta компаниясынын редакцияга жөнөткөн жазма жообунда контентти калыбына келтирүү үчүн даттануучу менен түз сүйлөшүү же апелляция тартибин колдонуу мүмкүн экени айтылат.
Ошол эле учурда Jurttyn Balasy каналынын автору Мурат Даниярдын каналы жана журналисттердин укугун коргоо менен алектенген адвокат Мурат Адамдын посттору да өчүрүлгөн.
Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Өкмөткө караштуу органдар бул жапырт өчүрүүлөр боюнча азырынча комментарий бере элек.
2025-жылдын май айында маданият жана маалымат министри Аида Балаева Meta компаниясынын мамлекеттик саясат боюнча директору Сарим Али Азиз менен жолуккан. Министрликтин маалыматына ылайык, өткөн жылдын беш айында Facebook жана Instagramда 7,5 миңден ашуун пост “мыйзам бузган” деген негизде өчүрүлгөн.
Meta’нын Community Standards жана Transparency отчетторунда платформа контентти жасалма интеллект системалары жана модераторлор аркылуу текшерери белгиленет. Автордук жана товар белгисине байланышкан даттанууларда укуктук тобокелчиликти азайтуу максатында контент алгач убактылуу чектелиши мүмкүн. Чечимге каршы апелляция берүү тартиби бар.
“Эркин Европа/Азаттык радиосунун” (RFERL) медиа-платформалар боюнча адиси Катерина Таликова өчүрүлгөн контент же каналдарды кайра калыбына келтирүүдөгү техникалык маселелер тууралуу мындай дейт:
“Даттануулар көп болсо, аларга каршы арыздануу да кыйындайт. Бирине жооп берсең, дагы бири чыгат. Түйүндө мүчүлүштүк жаралып, каршы даттанууну өз убагында жөнөтө албай, натыйжада аккаунтуңуз өчүрүлүшү мүмкүн. Бул көп учурда “копирайт троллинг” тактикасына байланыштуу, тагыраагы “эрежелер бузулду” деген айыптоо менен контентиңизге жапырт даттануу жөнөтүшкөндө ушундай болот. Мындай учурда Meta канал же баракчаны убактылуу токтотуп, кээде толугу менен бөгөттөп коёт. Жаман ниеттеги колдонуучулар жүздөгөн даттанууларды жөнөтөт, аларды реалдуу убакытта четке кагуу кыйын. Алгоритм адам эмес, ал жаңылышы же техникалык мүчүлүштүккө учурашы мүмкүн. Бул олуттуу кесепеттерге, атүгүл аккаунтту жоготууга алып келет. Платформалардагы жардам кызматы аркылуу аккаунтту калыбына келтирсе болот, бирок бул узак жана татаал процесс. Ошондуктан Meta’да аккаунтту калыбына келтирүү адатта оор өтөт”.
Өзбекстан: сынчыл үндөрдү бутага алуу
Өзбекстанда болсо жапырт даттануулар көбүнчө укук коргоочулар жана активисттердин контентине багытталары айтылат. Акыркы айларда Facebook’тагы посттору өчүрүлгөнүн же эскертүү берилгенин, каналдары бөгөттөлгөнүн айтып чыккандардын арасында адам укуктарынын коргоочусу Надежда Атаева да бар.
“Социалдык тармактар коомдук пикир жана саясий көзөмөл үчүн маанилүү аянтчага айланып, сезимтал темаларда бул айрыкча байкалууда. Жакында Саида Мирзиёеванын (президенттин тун кызы, Президенттик администрациясынын жетекчиси – ред.) маеги да кеңири талкууга себеп болуп, колдоо жана сын менен коштолду. Пикир билдиргендер айрыкча Өзбекстанда кыштагы газ жана электр көйгөйлөрүн өзгөчө белгилешти. Талкуу үч жумага созулду, бирок алгачкы сааттардан тарта эле даттануулар, терс комментарийлер жана сынчыл посттор чектелип жатканы байкалды”, – дейт укук коргоочу.
Францияда жашап, иштеген Атаеванын айтымында, 2026-жылдын январында ал жетектеген “Борбор Азияда адам укуктары” уюмунун YouTube каналы жана жеке аккаунту жапырт даттануулардын негизинде бөгөттөлгөн. Ошондой эле Атаева Facebook’тагы эски жана жаңы постторуна даттануулар кескин көбөйүп, агрессивдүү комментарийлер күчөгөнүн белгилейт:
“Аккаунттарды бөгөттөө жана социалдык тармактардагы чабуулдар көп учурда эрежелердин чыныгы бузулушу менен эмес, уюштурулган же буйрутма негизиндеги басым кампаниялары менен байланыштуу. Алар сынчыл үндөрдү сүрүп чыгарууга багытталган. Бүгүнкү күндө мындай практика журналисттерге, укук коргоочуларга жана иликтөө долбоорлоруна басым көрсөтүүнүн кеңири тараган ыкмаларынын бирине айланууда”.
Өзбекстан өкмөтү адатта мындай сындарга комментарий бербейт.
2026-жылдын февраль айынын тарта белгисиз себептерден улам “Азаттыктын” өзбек кызматынын Instagram баракчасына кирүү да чектелген. Редакция аны калыбына келтирүү үчүн апелляция процессин улантууда.
Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Координацияланган даттануулар: санариптик цензуранын жаңы механизми
Интернет платформаларындагы каналдарды же баракчаларды бөгөттөө, контенттерди өчүрүү практикасы эл аралык медиа изилдөөлөрдө “координацияланган даттануулар” деп аталат. Анда бир топ колдонуучу белгилүү бир контентке жапырт даттануу жөнөтөт жана алгоритм контентти автоматтык түрдө убактылуу же биротоло өчүрүп салат.
Human Rights Watch, Freedom House жана башка уюмдардын отчетторунда Россия, Индия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө бул ыкма сынчыл үндөргө басым механизми катары колдонулушу мүмкүн экени белгиленген. Адистер мындай тажрыйбаны санарип цензуранын ыкмасы катары баалашат.
“Техникалык жактан Meta’дагы копирайт системасы YouTube’дан айырмаланат. YouTube’да көп документ талап кылынат, канал ээси болуу жана Content ID системасынан өтүү эрежелери бар. Meta’да болсо анын ордун Укуктарды башкаруу системасы басат жана бул жерде верификация кыйла жеңил. Ошондуктан Meta’да көп санда даттануу жөнөтүү оңой. Адатта бардык дооматтар алгоритм аркылуу каралат, анткени платформа чоң, аккаунттар, колдонуучулар жана контент өтө көп. Ар бир платформа даттанууну тез байкайт, бирок Meta’да система жөнөкөй жана ачык. YouTube болсо Google’га таандык, ал жерде бир нече жолу верификациядан өтүү, документтер талап кылынат. Боттор автоматтык түрдө даттанууларды кабыл алып, өзүнчө карайт. Натыйжалар көп учурда жакшы болбойт. Бул айрыкча цензура бар өлкөлөрдө, саясий цензура күчтүү жерлерде чоң көйгөй”, – дейт RFERL адиси Катерина Таликова.
Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Кыргызстан: желедеги пикир үчүн жоопкерчилик
Кыргызстанда болсо социалдык тармактарда пикирлерге карата көрүлгөн чаралар кошуналардан айырмаланат. 2020-жылдан бери интернет желеге жазган посту, комментарийи же башкалардын постун бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына чакырылган, кылмыш иши козголгон же камакка алынгандар көбөйгөн. Өкмөттүк органдар кайсы бир жарандын кармалышы же камалышы анын социалдык тармактагы пикирлерине байланыштуу экенин четке какпайт.
13-март күнү белгилүү укук коргоочу Төлөкан Исмаилова жана эколог-активист Бермет Бөрүбаева Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында дээрлик алты саат суракка алынган. Укук коргоочунун айтымында, алар социалдык тармактардагы ойлору үчүн суракка чакырылган. Бул маалыматты милициянын басма сөз кызматы да тастыктаган.
Мындай учурларда көбүнчө Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык”, “Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу”, “Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү” ошондой эле “Экстремисттик материалдарды таратуу” сыяктуу беренелеринин негизинде кылмыш иши ачылат.
Талдоочулар бул беренелер иш жүзүндө бийликти сынга алгандарга каршы курал жана сөз эркиндигин чектөө катары колдонулуп жатканын айтышат. Бирок өлкө жетекчилиги Кыргызстанда сөз эркиндиги камсыздалганын айтып келет.