Жогорку Кеңеш: Мандат тапшырган депутаттар сегизге жетти. Кезек кимде?

Гүлсүнкан Жунушалиева

Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген курамынан 8 депутат өз ыктыяры менен мандат тапшырды. Алдыда дагы топ депутат мандат тапшырышы мүмкүн экени айтылууда. Айрым талдоочулар мунун себеби президенттик шайлоону эртелей өткөрүүнү каалаган тымызын ишке байланыштуу болушу ыктымал экенин айтып жатышат. 

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты, №29 округдан шайланган Гүлсүнкан Жунушалиева өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшыруу тууралуу арызын жазды. БШК 16-марттагы отурумунда анын депутаттык мандатын токтотуу чечимин кабыл алды. Жунушалиеванын депутаттыктан кетишинин себеби азырынча белгисиз.

Соңку бир ай ичинде Жогорку Кеңештен Гүлсүнкан Жунушалиева, Нурланбек Азыгалиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Куванычбек Конгантиев, Кундузбек Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу жана Элдар Сулайманов кетти. Алардан тышкары, Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри кызматына өткөнүнө байланыштуу депутаттык мандатын тапшырган.

Мыйзамга ылайык, мандатын мөөнөтүнөн мурда ыктыярдуу тапшырууну чечкен депутат Борбордук шайлоо комиссиясына өз колу менен арыз жазат.

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев депутаттар арыз жазганда жеке өздөрү келип, алардын чечимине сырттан кандайдыр бир басым болгон-болбогонун билдириши шарт экенин айтат.

Узарбек Жылкыбаев

“Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн мандатынан баш тарткан учурда өзү Борбордук шайлоо комиссиясына келет дагы арызын жазат. Ал арызды сөзсүз түрдө БШКнын бир мүчөсү кабыл алат. Өзүнөн сурайбыз, “өз каалооңуз менен жазып атасызбы, кысым болгон жокпу” деген суроолорду беребиз. Кээде болот го, иш сапарда жүрүп же ооруканада жатып арыз жазган учурлар болот го, андайды биз кабыл албайбыз. Мыйзам боюнча өзү келиши керек. Бул анын конституциялык укугу, мүмкүн кандайдыр бир себеп менен өкүлчүлүк милдетин аткара албай калганбы, өздөрү чечет”.

Кеткен депутаттардын бардыгын тең УКМК төрагалыгынан алынган Камчыбек Ташиевге байланыштырышат. Алардын айрымдарына арналган видеотасмалар даярдалып, коомдук талкууга жем ташталды. Дагы бир бөлүгүн Ташиевдин кетишине түрткү болгон 75 кишинин кайрылуусу алып түшкөнү айтылууда.

Дагы караңыз Депутаттардын жапырт мандат тапшыруусуна эмне себеп?

Маселен, Курманкул Зулушевдин мандатын тапшырышына ал парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасы болуп туруп эртелей шайлоо өткөрүүнү сунуштаган 75 адамдын кайрылуусуна байланыштуу ишке аралышып калышы мүмкүн деген жоромолдор айтылып жатат.

Буга чейин депутат Талант Мамытов аталган кайрылуу парламентке жетип, тармактык комитетте кароо алдында турганын билдирген.

Талант Мамытов

«Бүгүнкү күнү бул маселе ачык. Кыргызстандын 75 жараны кайрылган, анын ичинде көпчүлүгү аксакалдар. Бул парламентке келген жана тиешелүү комитетке чейин жетип, кароо астында турган. Албетте, ал жерде жыйынтыгы кандай болору бизге белгисиз. Бирок, жанагы келгенден кийин мыйзамдын талаптарына ылайык каралсын деген резолюция менен тиешелүү ошол кездеги жетекчилик, б.а. төрага, тиешелүү профилдик комитеттин төрагасы тарабынан ушундай резолюция менен түшүрүлгөн».

Зулушев бул боюнча үн каткан эмес. Ал акыркы билдирүүлөрүнүн биринде Камчыбек Ташиев кызматтан кеткен соң каралоо болуп жатканын билдирген.

Коомдо «75 кишинин каты» деген ат менен белгилүү болгон окуя Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы курч тирешти ачыкка чыгарган. Ага чейин «эки дос» деп аталган саясий тандемдештер ажырымга эч качан жол берилбешин билдирип келишкен болчу.

Жапаровдун соңку бир айдан берки ыкчам чечимдери аркылуу өкмөттөн да бир катар ири аткаминерлер кызматынан кол жууп, айрымдарына кылмыш иштери козголуп жатат.

Юрист Клара Сооронкулова мандат тапшыргандардын аракети боюнча мындай деген пикирин билдирди:

Клара Сооронкулова

"Бул мамлекет үчүн жаман көрүнүш болуп жатат. Мандат – элдин ишеними да. Эл шайлаган депутат мен кеттим деп эле кетип калганы, менин пикиримде, туура эмес. Жоопкерчиликти жөн эле кечип кетип жатат. Экинчиден, көшөгөнүн артында басым-кысым болуп жатканы. Ошол тоскоолдуктарга туруштук бере албаса, анда ал Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу укугуна ээ эмес дегенди билдирет. Авторитардык же президенттик мамлекет болгон күндө да Башкы мыйзамда жазылып турат бийликтин үч бутагы. Булардын аракети биз өзүбүздүн бийлигибизге ээ боло албайбыз дегенди билдирет".

Бийликке жакын активисттер парламент «жетимиш бешчилердин» кайрылуусун негиз кылып президенттин шайын оодарган чечим кабыл алууга даярданган деген пикирди айтышууда.

Дагы караңыз “75чилердин каты” Жогорку Кеңешке кантип жетти?

10-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынганы кабарланган. Ал кезде Германияда дарыланып жатканы айтылган Ташиев мындай жарлык ал үчүн күтүүсүз болгонун билдирген. Президент Садыр Жапаров өз чечими боюнча “коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым” деген пикирин таркаткан.

Андан бир күн мурун, 9-февралда аттуу-баштуу 75 кишиден турган топ президент менен Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдоп, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү маселесин көтөргөн болчу.

Кийин алардын бир тобу суракка алынып, төртөө камалган.