Манас шаардык сот аткаруучулар кызматы А.Н. аттуу жарандан 785 710 сом өлчөмүндөгү алиментти өндүрүп берди. Мекеменин маалыматына караганда, ал сот чечими менен кирешесинин үчтөн бир бөлүгүн алимент катары төгүүгө милдеттендирилген, бирок бүгүнкү күнгө карата карызы ушул суммага жеткен.
Сот аткаруучулар кызматы балдарына алимент төлөбөй жүргөн жарандарды аныктап, мажбурлоо жолу менен карызын төлөтүү улантылып жатканын эскертти.
Буга чейин да аталган мекеме Баткен, Токтогул, Манас шаарларында ири өлчөмдөгү алименттерди өндүрүп, айрым жоопкер жарандар сот чечими менен эркиндигинен ажыратылган.
Февраль айында 500 миң сомдон ашуун алимент карызы бар жаран Баткен райондук сотунун чечими менен эки жылга кесилип, сот залынан камакка алынган. Марттын башында Жалал-Абад облустук сотунун чечиминин негизинде алимент төлөбөй жүргөн Т.Ш.А. аттуу жаран да эки жылга соттолуп, дароо камакка алынды.
11-мартта Сузакта баласына алимент төлөбөй жүргөн жаран бир жылга эркиндигинен ажыратылды.
Башкы прокуратура 2025-жылы өлкөдө 1 миң 200 киши алимент төлөбөй жүргөнүн билдирген.
Сот департаментинин маалыматына ылайык, учурда алимент карызы боюнча 59 миңден ашык иш ачык турат. Өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөй турганы расмий айтылган. (ZKo)