Орусиянын президенти Владимир Путин жеке күзөт ишканаларынын кызматкерлерине кайтаруудагы объекттерди дрон чабуулунан коргоо үчүн курал алып жүрүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду.
Документке ылайык, күзөтчүлөр куралды "өтө маанилүү" деп белгиленген жана терроризмге каршы коргоону талап кылган объектилерде "дрондорду басуу" үчүн колдоно алышат.
Курал алып жүрүүгө стратегиялык ишканалар жана мамлекеттик компаниялар түзгөн уюмдардын кызматкерлерине гана уруксат берилет. Бул уюмдар тийиштүү курал-жаракты Орусиянын Улуттук гвардиясынан "атайын аскердик операция" (орус бийлиги Украинага каршы согушту ушинтип атаган) учурунда ала алышат.
Мурдараак Мамдуманын коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Василий Пискарев отун-энергетикалык объекттердин 80% жеке күзөт компаниялары кайтара турганын билдирген.
"Бирок мыйзам боюнча аларга кызматтык куралды (найы (ствол) узун, жылмакай калибрлүү жана найы кыска) гана колдонууга уруксат берилет жана булар учкучсуз учуучу жана башка аппараттардын чабуулдарын тез жана натыйжалуу майтарууга жөндөмсүз", - деген Пискарев.
Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Соңку кезде бири-биринин энергетикалык объекттерин аткылоо күч алды.