Кыргызстандыктарды Европа өлкөлөрүнө, Англияга жумушка орноштурабыз деп алдаган шылуундар көбөйүп жатканын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү билдирди.
Министрликтин Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борборунун Эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов Биринчи радиого курган маегинде айткандай, шылуундар айына 5-7 миң евро айлык акы аласыңар деп алдашат.
"Мындай айлык акыны эмгек мигранттары эмес, ошол өлкөлөрдүн жарандары да алышпайт. Тилекке каршы биздин жарандар ушундай көп маяна убада кылган шылуундардын кылтагына илинип, аларга акча которушат. 2025-жылы бизге ушундай шылуундарга алданып калышкан 68 адам кайрылды, алардын чет өлкөлөрдөгү шылуундарга которгон акчасынын жалпы суммасы 110 миң доллар. Сырттан кылтак салып отурган алдамчыларды биздин укук коргоо органдары кармай алышпайт экен, Интерполго кайрылууга туура келет", - деди Эргешов.
Министрликтин өкүлү жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу менен мыйзамдуу алектенген, тийиштүү уруксат кагаздарга ээ агенттиктерге гана кайрылууга чакырды. Мындан тышкары ортомчулар аркылуу ишке орношкон кезде эмгек келишимдерин жакшылап окуп, анын мөөнөтүнө жана мыйзамдуулугуна көңүл бурууну эскертти.
2025-жылы Кыргызстанда 150 менчик агенттик 19 400дөй адамды дүйнөнүн 26 өлкөсүнө ишке жайгаштырган.
Ошол эле жылы өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) чет өлкөлөргө жумушка орноштурууну убада кылган алдамчылык боюнча 78 кылмыш ишин козгогон.
Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) 18-март күнү жарандардан чет өлкөгө ишке орноштурууга убада берип, ири суммада акчасын алып, алдап жүргөн адам кармалганын билдирген.(ZKo)