"Кыргызнефтегаз" иши: Тургунбаев кармалганы кабарланды. Ташиев сурак берүүдө

Шаирбек Ташиев жана Мелис Тургунбаев

Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев 25-мартта “Кыргызнефтегазга” байланышкан коррупция боюнча козголгон иштин алкагында кармалганы айтылууда. Бул иш боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы, мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев суракка чакырылганы белгилүү болду.

Тургунбаев Улуттук банктын төрагалыгын 18-мартта тапшырган. Ал кызматтан өз эрки менен кетип жатканы айтылган. Анын ордуна каржы министри Алмаз Бакетаев кызматка келген.

Улуттук банкты бир жарым жылдан ашык башкарган Тургунбаев кызматтан кетүү боюнча арызын “Кыргызнефтегаз” ишканасына байланыштуу кылмыш иши козголгондон кийин жазган болчу. Ички иштер министрлиги азырынча Тургунбаевдин кармалышы тууралуу комментарий бере элек.

Ал кармалганы кабарлангандан кийин эле УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев да “Кыргызнефтегаз” иши боюнча милицияга сурак берип жүргөнү белгилүү болду. Ташиевдин жакындары ал иште күбө катары катышып жатканын тактады.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тургунбаевдин "Кыргызнефтегаз" ишине кандай байланышы бар?

"Күбө катары суракка барып жатат"

Ташиевдер боюнча билдирүүлөрдү чыгарып келген Орозбек Осмонов буларды жазды:

“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Акыркы күндөрү Ташиев Шаирбек ИИМге сурак берүүдө деген маалыматтарды жазып жатасыздар. Шаирбек Ташиев күбө катары гана суракка барып жатат. Мыйзам жазган, аны сыйлаган киши катары бардык иш-аракеттерин мыйзам чегинде аткарып жатат”.

Камчыбек Ташиев УКМК төрагалыгынан алынгандан кийин мандатын тапшырган сегиз депутаттын катарында Шаирбек Ташиев да болду. Ал мамлекеттин бүтүндүгү үчүн ушундай чечимге келгенин билдирген.

16-мартта Мамлекеттик салык кызматы “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөөсүн чыгарган. Анда аталган мекеме мунай өндүрүп, сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы аракеттер аныкталганын, ал схемаларга УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев жана анын жакындары аралашканы айтылган.

ИИМ салык мекемесинин маалыматына таянып, мамлекеттик ишканадагы жагдай боюнча коррупция беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул иштин алкагында компанияда иштеген жана байланышы бар беш киши кармалып, эки айга камалды.

19-мартта чет мамлекеттен Кыргызстанга кайтып келген Камчыбек Ташиев да ИИМге эки иш боюнча сурак берген, анын бири “Кыргызнефтегазга” байланыштуу экени айтылган. Ал сурактан кийин журналисттерге эч кандай комментарий берген эмес.

Ишкер Бакыт Борошов бул иштеги саясий жагдайларды белгиледи.

“Түштүк аймагында мамлекетке тиешеси бар бардык ишканага Ташиевдердин таасири болуп турган. Ал жерлердин башчылары Ташиевдердин адамы же алардын саясатын колдогон адамдар болгон. “Кыргызнефтегаз” боюнча чын эле ката-кемчиликтер болгон. Бирок бул саясий өңүттөгү иш. Келечектеги президенттик шайлоого Ташиевди жолотпоонун бир жолу деп ойлойм. Камоолордун башкы максаты чоң кызматтагы адамдар Тургунбаев жана “Кыргызнефтегаздын” кармалган жетекчилери Ташиевге көрсөтмө берүү үчүн камалып жатат деп ойлойм. Анткени Ташиев өзү эч жерге кол койгон эмес да”.

Дагы караңыз "75 кишинин каты" жана "Кыргызнефтегаз". Ташиев айыптоолорду каралоо деп атады

Таймурас сурак бергенби?

Иликтөөдө аты аталган Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев да милицияга сурак бергени боюнча маалымат чыгып, ИИМ аны төгүндөгөн. Ал социалдык тармакта үн катып, “Мокка групп” компаниясы бардык мамлекеттик төлөмдөрүн төгүп келатканын жазды.

Тай-Мурас Ташиев (ортодо). 2023-жылдагы сүрөт

Бул ишке байланыштырылып жаткан Мелис Тургунбаев 2013-2017-жылдары “Кыргызнефтегаздын” директорлор кеңешинин мүчөсү, 2020-2021-жылдары төрагасы болгон. Ортодо “Газпром” ишканасында, кийин “Кыргыз инвестициялык-кредит банкында” иштеген. Улуттук банктан мурун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп турду.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул иштердеги жагдайлар ачык жарыяланышы керектигин айтат.

Дастан Бекешев

“Тургунбаевди жакшы билебиз. Жаратылыш министри болуп турганда чогуу иштештик. Улуттук банктын төрагасы кезинде да кызматташтык, эки апта мурун комитет жыйынында көргөм. Адам катары эч кандай көйгөй жок, Улуттук банктын төрагасы катары сын-пикирим бар. Бул ишти ачык көрсөтүп, эмне табылды дегенди айтыш керек. Азыр иликтөө жарыяланбаса да сот маалында баары так айтылышы керек”.

Камчыбек Ташиев 20-мартта Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан Абдулкерим Сатук Буура хан мечитинде Орозо айт намазынан кийин “Регион” телеканалына учкай интервью берип, соңку окуяларды комментарийледи. Ал бир айдан бери өзү тууралуу негизсиз маалыматтар тарап жатканын айтып, аларды каралоо деп атаган.

Ташиев кызматтан кеткенден кийинки кадрдык өзгөрүүлөр, мандат тапшыруулар жана “Кыргызнефтегаздын” тегерегиндеги жагдай тууралуу үн ката элек.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Туура эмес маалымат таратышпасын". Ташиев айыптоолорду чечтке какты