Төрага Москвага иш сапары учурунда мигранттардын балдары жана өздөрү туш болгон көйгөйлөрдү көтөрүп, жөнгө салуу зарыл экенин айтты.
Рахима Айтахун кызы 15 жылдай Орусияда жашап иштеген кыргызстандык. Эки жыл мурун эки баласын Орусиядагы мектептерге киргизе албай убара тарткан, барбаган жери калган эмес.
“Бир кагазын бүтүрсөң, дагы башкасы. Анысын бүтүрсөң Сахарово... Бардык балдар менен. Анализдеринин чыгымы чоң кишиникиндей эле кеткен. Баланы мектепке кабыл албаш үчүн кандайдыр бир көйгөйдү таап чыгышты. Райондо 15-16 мектеп бар. Ар бирине барып чыктык. Балдар программадан калып калбаш үчүн гуманитардык окуу жайына барып жүрүштү. Репетиторлор да жалданды. Балдар мектеп эмес, үйдүн короосунда да обочолонуп, тартынып башташты. Болбосо болбойт да деп Кыргызстанга алып келе бердим”.
Айтахун кызы балдарын алып Кыргызстанга баса бергени менен алар туш болгон көйгөй Орусияда кала берди. Балдарын мектепке окута албай убара тарткан ата-энелер дале арбын. Балдар үчүн орус тил сынагы ашыкча түйшүк.
Дагы караңыз "Канча кыздын тагдырын бузушат". Түркияда кулчулукка сатылган СалтанатЖогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар ушул аптада Москвага сапары маалында өздөрү ушул сынакты тапшырып көрдү. Ал Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукканда сынак татаал экенин айтып, жөнөкөйлөтүүнү сунуштады.
“Тажрыйба көрсөткөндөй, орус мектептерине кирүү үчүн сынактан өтпөй калган учурлар тилди билүү деңгээлине эмес, көбүнчө психологиялык факторго байланыштуу болууда. Биз кечээ тестирлөө борборунда болуп буга ынандык. Өз көзүбүз менен көрдүк, чындыгында эле бул жаатта көйгөйлөр бар экен. Бул багытта да иш алып барылышын каалайбыз. Бүгүн Билим берүү министрлиги менен биргеликте бир катар маселелерди иштеп чыктык. Негизинен, бул абалдан чыгуунун жолу бар жана сиздер тараптан чоң колдоо күтөбүз. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, жок дегенде 5-класска чейин бул тесттерди алып салсаңыздар. Ал эми 5-класстан кийин макул. Же болбосо дагы бир вариант — биздеги Кыргыз-Орус Славян университетинин базасында тесттерге даярдоо курстарын өткөрүү. Бул дагы абдан жакшы вариант. Бул тууралуу кечээ сиз менен сүйлөшкөнбүз. Ушул багытта да бир аз колдоо көрсөтсөңүздөр болот эле”.
Бул сапарда Орусияда иштеген кыргызстандыктардын үй-бүлөсүнө да милдеттүү медициналык камсыздоо көрсөтүлүшү керектиги, “кара тизме”, мигранттардын эмгек укугунун сакталышына байланыштуу маселе көтөрүлдү.
Орусияда мигранттардын балдары мектепке кирүү үчүн 2025-жылы апрелден тарта тил сынагын тапшыра баштады.
Демилгени жигердүү коргоп, колдогондордун бири Мамлекеттик думанын төрагасы Володин болгон. Балдардын дээрлик көбү орус тилинен тесттен өтө албай, мектепке бара албай калды. Рособрнадзордун маалыматында былтыр сентябрда Орусияда чет элдик мигрант балдардын 87,5% мектепке кабыл алынган жок.
Дагы караңыз "Ксенофобияга кабылгандар көп". Орусиядагы мигранттар көйгөйү
Орусияда жашап иштеген кыргыз мигранттары менен иш алып барган "Инсан Лейлек" коомдук фондунун адиси Рахат Шералы бул көйгөйдүн себебине токтолду.
“Бул маселе дагы эле актуалдуу, өзгөчө жаш ата-энелердин арасында. Тилекке каршы, Орусиянын 2026-2030-жылдар аралыгындагы миграциялык саясатына ылайык, өлкөгө мыйзамсыз барган же мыйзамдуу барса да балдары мектепке барбаган мигранттарды азайтуу максаты коюлган. Ошол максатты ишке ашыруу үчүн мектепке кабыл алуудагы тестирлөө сыяктуу кошумча механизмдер колдонулуп жатат. Балдарды окууга бере албай калгандыктан көп мигранттар балдарын кайра Кыргызстанга жиберишкен. Бизде андай кейстер бар”.
Мигранттардын балдары үчүн сынак кыргызстандыктар туш болгон көйгөйлөрдүн бири гана. “Кара тизмеге” киргендер, реестр сыяктуу талаптар улам күчөп жатат. Мындан улам ал жактагы мигранттардын саны дээрлик эки-үч эсе кыскарды. Мурда бейрасмий маалымат боюнча, Орусияда миллиондой кыргызстандык иштеп жүргөн болсо, азыр 341 миңдейи гана калды.