Президент Садыр Жапаров 28-мартта Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу тууралуу жарлыгына кол койду.
Президенттик администрациянын маалыматына караганда, кыргыз жарандыгын алгандардын басымдуу бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этностук кыргыздар, ошондой эле Кыргызстандын жарандыгын калыбына келтирип жаткандар түзөт.
Мамлекет башчы ошондой эле кыргыз жарандыгынан чыгаруу боюнча да буйрукка кол койду. Мындан тышкары кыргыз жарандыгынан ажыратуу боюнча да жарлык чыгарды.
Жарлыктарда канча адам жарандык алганы же чыкканы тууралуу тизме же маалымат берилген эмес.
Президенттин кыргыз жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыгындагы маалыматтар 2023-жылдын августунан бери жабык боло баштады. Ага чейин тизме ачык жарыяланып келген.
2023-жылы августта орусиялык финансист жана блогер Михаил Жуховицкийдин кыргыз паспортун "оюн үчүн" гана алып койгону катуу талкууланган. 2024-жылы орусиялык ондогон таанымал жарандар кыргыз жарандыгын алган учурлары ачыкка чыккан.
“Азаттык” 2022-жылы 31-декабрда чыккан №417 жарлыкта Орусияда таанымал ондогон ири саясатчы, мамлекеттик кызматкер жана ишкерлер кыргыз жарандыгын алганын аныктаган.
2024-жылы 23 миңден ашуун киши Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз тапшырган. (ZKo)
Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу, чыгаруу тууралуу жарлыктарга кол коюлду
Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.