Казакстандан ташылып келаткан 25 тонна пияз артка кайтарылды

Казакстанга кайтарылган пияз.

Кыргызстан Казакстандан импорттолуп келаткан 25 тонна пиязды киргизбей, артка кайтарды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда 29-мартта Казакстандан ташылып келаткан 25 тонна пияздын таңгагында маркировка жок экени аныкталган.

Министрлик Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин чечимине ылайык, продукциянын ар бир таңгагында анын аталышы, чыгарылган жана реэкспорт болчу өлкө жөнүндө маалыматтарды камтыган маркировкасы болушу керектигин эскертти.

Мекеме карантин алдындагы жүктү маркировкасыз алып кирүү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузарын, ушундан улам ал кайра Казакстанга кайтарылганын кошумчалады. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу, чыгаруу тууралуу жарлыктарга кол коюлду Абдыкеримов Ташиевге жооп берип, маалыматтар текшериле баштаганын айттыЛиванда "Хезболла" менен байланышы бар журналисттер өлтүрүлдүЫсык-Көлдө жол кырсыгынан алты адам мүрт кеттиЛенинграддагы Усть-Луга порту кайрадан дрон чабуулуна кабылдыЧыңгыз Айдарбеков БШК ага депутаттык мандат бериши керектигин айтты