"Улут мыктыларын кырышкан". Кыргыз-казактагы репрессиянын кара тагы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдө акыркы жылдары “деколонизация” түшүнүгү кайра актуалдашты. Орусиянын оторчулугунда, андан кийин советтик режимдин катаал чеңгээлинде жашаган бул өлкөлөрдөгү жаңы муун эмнеге умтулууда? Жаш муундун өз тилине, маданиятына жана тарыхына кайра кызыгып, бул тууралуу сөз кыла башташына эмне себеп? Буга Орусиянын Украинадагы согушунун кандай тиешеси бар? “Данисте” Кыргызстан менен Казакстандагы жаштардын ушундай аракеттери тууралуу айтып берет.