Ормуз көйгөйү: Кыргызстанга автоунаа ташуу үзгүлтүккө учурады

Перс булуңундагы Ормуз кысыгынын картасы. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ кийлигишкен Израил менен Ирандын согушу Борбор Азия чөлкөмүнө, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына да таасир этүүдө. Тегеран Ормуз кысыгын бөгөттөгөндөн улам дүйнөдө мунай кымбаттап, бул Кыргызстанда да күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнө алып келди.

Ирандын порттору аркылуу транзиттик жүктөрдү, айталы, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабиясынан автоунааларды алып өтүү да үзгүлтүккө учуроодо. Ирандын өзүнөн түз товар ташууда да тобокелчиликтер жок эмес.

Кыргыз ишкерлеринин үнү

Иранда жаңжал тутанганы араб өлкөлөрүнөн, айрыкча Бириккен Араб Эмираттары менен Сауд Арабиясынан Кыргызстанга автоунаа ташыгандардын иши үзгүлтүккө учурады. Анткени, машинелер Дубай шаарынан Ирандын портторуна Ормуз кысыгы аркылуу паром менен жеткирилип, андан кийин тралга жүктөлчү. Тегеран кысыкты бөгөттөп, кеме жана танкерлерди аткылагандан улам анда техника жүрө албай калган.

Дубай шаарында иштеген кыргызстандыктардын бири Актилек Алипбай уулу соңку бир-эки айдын ичинде Бишкекке 30дан ашык машине жөнөткөн. Алардын айрымдары Бириккен Араб Эмираттарынын, кээлери Ирандын портторунда турса, бир бөлүгү жай болсо да ташылып баратат.

Актилек Алипбай уулу Дубайдан байланышка чыгып, бул маалыматтарды берди:

Актилек Алипбай уулу

“Кысык жабылды дегени чын. Жабылды дегенде кандай, толук жабылып, машинелер токтоп калган жок, машинелер чыгып жатат, бирок портто 15-20 күн, же бир айга чейин кармалып калууда. Аларды Кыргызстанга азыркы учурда алып чыгып кеткенге аракет кылып жатабыз. Бирок аябай кечигип калууда, Ирандын портунда кармалып калууда. Себеби, Перс булуңунан ракеталарды ары-бери ташып өтүшкөнгө порттогу адамдар чыгаргандан коркуп атышат. Ошого кармалып калууда”.

Араб жарым аралынан чыккан транзиттик товарлар негизинен Ирандын Бандар-Аббас аттуу шаарындагы портуна түшөт. Мындан башка дагы бир нече шаарларындагы да жүктөрдү кабыл алат. Каарманыбыздын жүгү да чакан шаардагы порт аркылуу кетет экен.

“Биз жүк жеткирген жерге сокку урулган жок. Эгер сокку болсо, анда бизге маалымат беришмек. Бир да сокку урулбады, азырынча ал жак тынч эле. [...] Эми кардарлар туура эле кабыл алышууда. Себеби, алар деле кырдаалды көрүп жатышат да. Телефон чалгандар болуп атат, чалбай эле, кабар алып жаткандар да бар. Бул жактан жүктөй берсек болот, Дубайдын портуна, Ирандын портуна... Бирок бизге “жүктөй бергиле, 35-40 күндө жетет” деген так маалымат келе элек. Ошондуктан машинелерди гаражда эле сактап отурабыз. Анткени, бул аманат. Кокустан Ирандын портуна барганда бомба түшүп калса, бизге чыгым болуп калат”, – деди Актилек Алипбай уулу.

Араб өлкөлөрү кыргыз автосүйүүчүлөрү үчүн Түштүк Корея, Кытай, АКШ, Жапония, Орусия, Грузия, Германиядан кийинки орунда турат. Бириккен Араб Эмираттары менен Сауд Арабиясынан Кыргызстанга көбүнчө Lexus, Toyota, Honda, KIA маркасындагы машинелер ташылып келет.

Дубайдан Кыргызстанга машине ташыган дагы бир ишкер Тилек Маматеминов мындай пикири менен бөлүштү:

Тилек Маматеминов

“Жүк ташуу Ирандын өзүнүн соккуларынан улам токтоп калды. Болбосо паромдорго, тралдарга ракета же ок тийген жок. Иран аркылуу бир эле Кыргызстан жүк ташыбайт да, көп өлкөлөр ташыйт. Булар өздөрүн коргоо үчүн үчүн ушинтип, токтотуп турушту да. Себеби, согуш деген мындай айтылганы менен жаман нерсе экен да. Бирок айтып жатышат, балким ушул жума ачылып калышы мүмкүн деп жатышат. Карго компаниялар менен байланышыбыз турабыз. Алар “жол мындай болуп жатат, кайсы жол ачылса, биринчи кезектеги машинелерди ошого салып коёбуз” деп атышат”.

Жүк ташуучулардын буйтоосу, өкмөттүн байкоосу

Израил менен Ирандын ортосунда көп жылдан бери уланып келаткан аскердик чыңалуу быйыл февралда кескин курчуган.

АКШ менен Израил 28-февраль күнү Иранга карата аскердик операциясын баштап, ракеталар менен аткылаган. Ага жооп кылган Тегеран Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларына карата ракеталарын учурган. Муну менен катар Перс булуңундагы Ормуз кысыгын бөгөттөп салган. Бир айдан бери булуң аркылуу Жакынкы Чыгыштын мунайын ташуу токтоп турат.

Ирандын бийлиги марттын аягында гана "кас эмес" мамлекеттердин кемелерине Ормуз кысыгынан өтүүгө уруксат берерин жарыялады. Бирок бул азырынча толук ишке аша элек. Араб жарым аралынан жүк ташыган карго компаниялары бул арада Ирак, Кувейт аркылуу же Иранга же Түркияга өтүп, кургактагы каттам менен жүк ташууга өттү. Алар араб өлкөлөрүнөн машинелерден сырткары автоунаа тетиктерин, үй-тиричилик жабдууларын жана башка нерселерди ташып келишет.

Кыргызстандын эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Азамат Жумабеков мындай дейт:

Азамат Жумабеков

“Ирандын кесепетинен Саудиядагы жүктөр кармалып калууда. Ал жактагы жүктөрдү Перс булуңунан, Ормуз кысыгы аркылуу алып өтчүбүз. Азыр айланып жатабыз. Ошол дагы он күн убакытты алып жатат. Мурун суу менен өтүп кетсек, азыр жер каттам менен жүрүп жатабыз. Сауд Арабия, андан кийин башка өлкөлөр. Ар биринин өзүнүн эрежеси бар. Кыргызстанда тилекке каршы алардын ар бири менен эки тараптуу келишимдер жок экен. Ошондуктан биз өзүбүздүн ыкма менен депозиттерин төлөп, камсыздандырууларын алып, ошентип созулуп калууда. Он күн кечигүү соодагерлерге кечиккендей көрүнүп жатат. Бирок эми бул бизден эмес, геосаясий кырдаалдан көз каранды экенин алар деле көрүп атышпайбы”.

Албетте, араб өлкөлөрүнөн учак аркылуу жүк ташуу азайганы болбосо мурдагыдай эле жүрүүдө. Бирок авиакарго жеңилирээк нерселерди гана алып келе алат, учакка машине жүктөлбөйт.

Кыргыз бийлиги автоунаа менен жүк ташуу анча-мынча үзгүлтүккө учураганы менен мурдагыдай эле тартипте жүрүп жатат деп билдирүүдө.

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Транспорт саясатын жүргүзүү башкармалыгынын башчысы Нурмат Мусабеков буларга токтолду:

Нурмат Мусабеков

“Иран-Израил жаңжалы башталган баштапкы күндөрү бизге Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен Ирандын чек арасындагы кырдаал, кайсы чек ара бекети иштеп-иштебей жатканы жөнүндө маалыматтар келип турду. Баштапкы учурда кээ бир чек аралар жабылды. Ошол эле Иран менен Түркмөнстандын чек арасы жабылып, бир эле чек ара бекети иштеп турду. Азыркы учурда болсо эл аралык жүк ташуучулар менен тыгыз байланыштабыз. Алардын маалыматы боюнча Иран мамлекетинин аймагы аркылуу башка мамлекеттерге, мисалы Түркияга жана Иранга өтүү эч кандай тоскоолдуксуз эле жүрүп жатат экен. Ирандын өзүнүн аймагынан Кыргызстанга жүк ташуу да мурдагыдай эле ташылып жатат. Жогоруда айтканымдай, жаңжал башталганда убактылуу чек аралар жабылып, жүктөр убактылуу кармалган учурлар болгон. Бирок жүк ташуучулар азыр андай көйгөйлөр жок экендигин билдиришти”.

Мындан бир нече жыл мурда Иран кыргыз бийлигине Перс булуңундагы Бандар-Аббас портунан жер берүүнү сунуштаган. Ал каттамды кыргыз жүк ташуучулары анда-санда колдонгону менен, долбоор азырга чейин расмий түрдө ишке ашпай келет. Эксперттер мунун себебин Бириккен Улуттар Уюмунун Иранга салган санкцияларынан көрүшөт.

Ирандагы согуш күчөгөнү Кыргызстандын бийлиги араб өлкөлөрүндөгү жана Ирандагы өз жарандарын атайын учак менен чыгарып кеткен.

Ирандан келген товарлар жана мунай баасы

Ирандын өзүнөн Кыргызстанга килем, сырдоочу каражаттар, кургатылган жемиштер жана башка нерселер ташылып келет. Бул товарларды ташуу да кечигүү менен жүрүп жатканы кабарланды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү Нурмат Мусабековго кайрадан сөз берели:

“Иран менен эки тараптуу жүк ташуулар эч кандай жүк ташуулар эч кандай уруксат кагазы жок эле аткарыла берет. Кыргыз жүк ташуучуларына ыңгайлуу кылуу үчүн эки тараптуу келишимдерде ушундай жеңилдик каралган. Биз болгону Ирандын аймагы аркылуу башка үчүнчү мамлекеттерге транзиттик жүктөрдү алып өтүүдө гана кошумча документтерди жасап, уруксат кагаздарын даярдайбыз. Биздин маалыматка ылайык, кыргыз жүк ташуучулары былтыркы жылы 1400 транзиттик жүк ташууну аткарышкан. Быйыл деле 1500дүн тегерегинде буйрутма аткарат деп күтүп жатабыз. Ал эми Ирандын өзүнөн Кыргызстанга курулушка керектүү материалдарды, лак-сырларды, желим буюмдарын жана башка нерселерди ташып келишет. Ал эми Кыргызстандан Иранга эт азыктары, азык-түлүктөр, текстил буюмдарын, тиричиликке керектүү, Кытайдан алып келинген товарларды жеткиришет. Транзиттик жүк ташуулардын жагдайын жогоруда айттым, бирок Ирандын өзүнө жүк жеткирүү же ал жактан жүк алып келүүдө эч кандай тоскоолдуктар жок”.

Башка маселе – мунай жана күйүүчү май маселеси. Тегерандын Ормуз кысыгын жаап салышы дүйнө жүзү боюнча мунайдын жана күйүүчү майдын баасынын бир топ жогорулашына алып келди. Себеби, аталган кысык аркылуу мунайдын болжол менен 20 пайызы дүйнөлүк базарга чыгат.

Кыргызстан өзү керектеген күйүүчү майдын 95% Орусиядан сатып алат. Бирок дүйнөлүк базарда мунай кымбаттагандан улам орус заводдору да бааларды көтөрүп, ал Кыргызстандагы күйүүчү майлардын баасына да таасир этти.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов:

Канатбек Эшатов

"Баалардын баары дүйнө жүзү боюнча жогорулап жатат. Анткени, Ормуз кысыгынан өткөн мунайзаттын көпчүлүгүн Азия мамлекеттери - Кытай, Индия, Жапония, Түштүк Корея сыяктуу мамлекеттер алчу. Кытай өзүнүн керектөөсүнүн теңин ушул жактан алып өтчү экен. Натыйжада алар баары Орусия Федерациясынан алып баштады. Ал көлөм күндөн-күнгө көбөйүүдө. Ошонун эсебинен Орусияда баалар кескин түрдө жогорулап жатат. Мисалы, мурун биз тоннасын 700 доллардан алып жатсак, бүгүнкү күндө баа 900 долларга жакындап баратат".

Ирандагы согуш башталганы Кыргызстандын бийлиги араб өлкөлөрүндөгү жана Ирандагы өз жарандарын атайын учак менен чыгарып кеткен. Бирок кыргызстандыктардын бир бөлүгү дале ошол жакта кала берүүдө.