УКМК текшерүүдөн кийин үч медресе жабылганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 19 диний билим берүү мекемеси текшерилип, ишмердик жүргүзүүгө уруксат документтери жок үч медресе жабылганын, ыкчам-тергөө иштери башталганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында текшерүү салттуу эмес диний агымдардын идеяларынын жайылышын, диний-экстремисттик жана башка радикалдык уюмдардын жашы жете элек балдарды азгыруу иш-аракеттерин алдын алуу максатында жүргүзүлгөн.

Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди одоно бузган деген негизде дагы экөөнө айып пул салынып, иши убактылуу токтотулуп, төрт медресеге майда кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берилди.

УКМК айрым медреселердеги диний адабияттар талап кылынган текшерүүдөн өтпөй калгандыктан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына карап чыгууга жана бекитүүгө жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Окуучулардын арасында ата-энеси жок балдар, ошондой эле мигранттардын балдары бар экени аныкталып, тиешелүү мамлекеттик мекемелерге маалымат берилген. (BTo)

Дагы караңыз

Балдарга ийне салынган момпосуй таратууга шектелген адам кармалдыБишкек – Кара-Балта жолунда автокырсык көбөйгөн маселе парламентте айтылдыУКМК экс-депутат Кундузбек Сулайманов кармалганын билдирдиИИМ Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шаирбек Ташиевди кармадыЖаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк маселеси ЖКда көтөрүлдү"Түндүк" Президенттин иш башкармасына өттүОшто үй өрттөнүп, бир киши набыт болдуЗеленский Орусия Донбасс боюнча жаңы талап коюп жатканын айттыУКМКнын Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси юстиция министринин орун басары болду