Сүрөтчүлөр үйүнүн жер тилкеси боюнча соттун чечими чыкты

Сүрөтчүлөр үйүнүн жер тилкеси алынышына каршылыгын билдирген чыгармачылык жамааттын акциясы. Бишкек. Март, 2026-жыл.

Бишкектин административдик соту шаардык мэрияга Чүй 108 дарегинде жайгашкан жер тилкесин башкага берүүгө жана жерге ээлик кылуу укугун каттоого тыюу салды. Мындан тышкары Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалына аталган даректеги кыймылсыз мүлк боюнча укукту каттоого тыюу салды.

Мындай чечимди сот 30-мартта чыгарганын арыз ээси, Сүрөтчүлөр үйүнүн жетекчиси Жакшыбек Жунушов 3-апрелде "Азаттыкка" кабарлады.

Сүрөтчүлөр үйү жайгашкан жер тилкесин Бишкек мэриясы мамлекетке өткөрүп берүүнү көздөп жатканын белгилеген чыгармачыл жамаат 23-мартта мэрияны сотко берген. Алар жерин тарттыргандан кийин Сүрөтчүлөр үйү бузулушу мүмкүн деп чочулап жатканын айтышкан.

Сүрөтчүлөр үйү 2002-жылы өкмөттүн №568 токтому менен Маданий жана тарыхый мурастар тизмесине кирген.

Имарат 1952-жылы пайдаланууга берилген. 1992-жылы СССРдин Сүрөтчүлөр бирлиги жоюлган. Анын мураскери катары Кыргызстандын Сүрөтчүлөр бирлиги 1994-жылы сегиз объектти, анын ичинде азыр талашка түшкөн Сүрөтчүлөр үйүн да өзүнө өткөрүп алган. 1995-жылы Борис Силаев башында турган калаа бийлиги имаратты Сүрөтчүлөр бирлигинин менчигине өткөрүп берген.

Быйыл февраль айында ошол кездеги мэр Силаевдин 1995-жылкы чечимин азыркы мэр Айбек Жунушалиев жокко чыгарган токтом кабыл алган. Мэрия имарат коммерциялык максатта пайдаланылып жатканын жүйө келтирген.

Буга чейин Бишкек мэриясы Чүй 108 дарегинде турган Сүрөтчүлөр үйүнүн 0,11 га жерин Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүүнү чечкен. Бул чыгармачыл коомчулуктун нааразылыгын туудурган. (ZKo)

Дагы караңыз

Үч өлкөнүн өкүлдөрү "Камбар-Ата-1" ГЭС долбоорун талкууладыСот адвокат Токтакуновдун арызы боюнча Фейсбук колдонуучусун 20 миң сом айыпка жыктыОшто кылмыштуу топту каржылоого шек саналган үч киши камалдыИрандын түндүгүндө АКШнын соккусунан негизги көпүрө жарактан чыктыКыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттүИтке таланган баланын абалы туруктуу экени маалымдалды