Ошто жаңы муниципалдык базардын директору кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы калаадагы муниципалдык базар дирекциясынын жетекчиси Баатырбек Алтымышев пара талап кылууга шек саналып кармалганын билдирди.

Милиция ал кайсы ишке байланыштуу кармалганы тууралуу маалымат бере элек.

Баатырбек Алтымышев милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бөгөт чарасы 4-апрелде каралары айтылды.

Алтымышев 2025-жылдын 18-ноябрында муницпалдык базарга жетекчи болуп дайындалган.

Шектүүнүн жакындары жана адвокаты комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Кыргыз жаранынын Орусияда жетим калган небереси боюнча маселе көтөрүлдүАкыйкатчы Жаманбаева Беларуста абакта отурган кыргызстандыктар менен жолуктуКыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттүСүрөтчүлөр үйүнүн жер тилкеси боюнча соттун чечими чыктыҮч өлкөнүн өкүлдөрү "Камбар-Ата-1" ГЭС долбоорун талкууладыСот адвокат Токтакуновдун арызы боюнча Фейсбук колдонуучусун 20 миң сом айыпка жыкты