Кытайдагы силкинүүнүн эпкини Алайдын Нура аймагында сезилди

Иллюстрациялык сүрөт.

5-апрель күнү саат 19:24тө Кытайда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталып, толкуну Кыргызстанда да сезилди.

Кыргызстандын Сейсмологиялык институту маалымдагандай, Кыргызстанда Алай районунун Нура, Эркечтам жана Экизяк айылдарында силкинүүнүн күчү 3 баллды түздү.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Эркечтам айылынан 47, Нурадан 49 чакырым аралыкта, Кытайдын аймагында катталган.

Кыргызстандын Кытай менен чек арасында силкинүүлөр бат-бат кайталанып турат.

2008-жылы октябрда Алай районунун Нура айылында күчү сегиз баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болгон. (ZKo)

Дагы караңыз

CNN: АКШ Ирандагы согушта кеминде жети учагын жоготту Дагестан: Суу ташкындан дамба жырылды, 800дөй үйдүн жашоочулары эвакуацияландыОшто мектептеги жаңжал боюнча эки кылмыш иши козголдуЖалдагы каргаша: Элвинанын өлүмүнө эмне түрткү болгон?Иранда атып түшүрүлгөн F-15 тик учагынын экинчи учкучу куткарылды