Барскоон–Бедел автожолун кура турган дирекция түзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнөткөн сүрөт. 6-апрель, 2026-жыл.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон – Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемесине ылайык, Акылбек Мусабаев аталган мекеменин директору болуп дайындалды.

Дирекция Барскоон – Бедел унаа жолун куруу долбоорун жалпы башкарып, ишке ашырууну координациялайт, каржылык каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылат жана социалдык, экологиялык, техникалык талаптардын сакталышын көзөмөлдөйт.

Барскоон – Бедел унаа жолунун жалпы узундугу болжол менен 150 чакырымды түзөт. Ал Ысык-Көл облусунун Барскоон айылын Кытай менен чектешкен "Бедел" көзөмөл өткөрмө пункту менен байланыштырган стратегиялык маанилүү коридор болуп калат. Долбоордун алкагында 2 тоннель, 30дан ашык көпүрө жана коргоочу инженердик курулмалардын курулушу каралган.

Курулуш иштери 2025-жылдын 26-августунда башталган. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 5 жылды түзөт. Планга ылайык, негизги курулуш иштери 2029-жылы аяктап, 2030-жылы жол толук пайдаланууга берүү каралган. (КЕ)

Дагы караңыз

Дагестанда суу ташкыны төрт өмүрдү жалмады, миңдеген киши эвакуацияландыУлуттук филармониянын алдындагы фонтанды толук жаңылоо башталдыЛейлекте унаа кырсыгынан жабыркаган жоокердин абалы туруктуу оор экени айтылдыБишкекте терезеден кулаган эне-бала жерге берилди