Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган үч кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) 9-апрелде кабарлады.
Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн бири - ири өлчөмдөгү уурулукка шектелип жаткан 34 жаштагы С. Д. А. аттуу жаран Сербиядан кармалган. Ал Манас шаарында үйдөн мамлекеттик сыйлыктарды, ири суммадагы акча жана кымбат баалуу компьютерлерди уурдаганы үчүн издөөгө алынганы айтылды.
Ал эми Испаниянын борбору Мадридден кармалган 41 жаштагы Ю А. С. жана 46 жаштагы Ю. П. В. жүк ташуучу унаа боюнча алдамчылыкка шектелип, издөөгө алынган. Алар, ИИМ билдиргендей, жүк ташуучу машиналарды сатып алып, ошол тармакта иш алып барышкан, бирок ири суммадагы акча алган соң милдетин аткарбай, из жашырып кетишкен.
Ушул тапта кармалган жарандарды Кыргызстанга алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Буга чейин Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн бир нече кыргызстандык чет өлкөлөрдө кармалган. Быйыл февралдын башында АКШнын Иллинойс штатында кармалган 47 жаштагы Ы. М. аттуу кыргызстандык жаранга 2023-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-бөлүгү ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен козголгон кылмыш ининин негизинде издөө жарыяланган. Былтыр августта маркум кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин жансакчысы, 2007-жылдан бери издөөдө жүргөн Юсуп Юсупов Литвада колго түшкөн.
2025-жылдын январында президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Айдар Халиков Молдовада кармалган. Бирок Кишинёв аны Бишкекке өткөрүп берүүдөн баш тарткан. (ZKo)