Ош облусундагы "Эркечтам" өткөрүү пунктунда келишимдик негизде кызмат өтөп жатып, өмүрүнө кол салганы айтылып жаткан 22 жаштагы жоокердин абалы оор, эсине келе элек.
Учурда Гүлчөдөгү шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Бул тууралуу Алай жалпы дарыгердик борборунун директору Дайыр Кадыров "Азаттыктын" аймактагы кабарчыларына билдирди.
"7-апрелде, саат 20:55те октон жараат алган жоокер Нурадагы ооруканага түшкөн. Ал жерде медициналык алгачкы жардам көрсөтүлүп, райондун борборуна - Гүлчө шаардык ооруканасына жиберилген. Ош шаарынан да дарыгерлер чакырылып, операция жасалды. Азырынча абалы оор, өтө оор абалда", - деди дарыгер.
Маалыматка ылайык, Чек ара кызматынын "Эркечтам" өткөрүү пунктунда келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы жоокер 7-апрель күнү өзүн атып алган, ок ээктин алдынан кирип, көз тушунан чыгып кеткен. Жаагы, баш сөөктөрү жабыркаган.
Дарыгер жоокердин дарылануусу үчүн бейтапканада бардык шарттар түзүлгөнүн, дары-дармек, кызматкерлер да жетиштүү экенин кошумчалады.
Мамлекеттик Чек ара кызматы Ош облусундагы "Эркечтам" өткөрүү пунктунда келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан жоокер өзүн-өзү атып алганын 8-апрелде кабарлаган. "И уулу А. (2004-жылы туулган) АК-74 автоматы менен башына ок чыгарып, өз жанын кыйганга аракет кылган. Бул факт боюнча тиешелүү укук коргоо органдарына маалымдалды", - деп билдирген Чек ара кызматы.
Окуянын бардык жагдайларын жана себептерин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө дайындалды.
Кабарчыларыбыздын маалымдашынча, бейтапканага жоокердин жакындары да келишкен, алар журналисттерге азырынча маалымат бере элек.
4-апрель күнү Лейлектеги Чек ара тозотунда аскердик кызмат өтөп жаткан жоокер, былтыр күзүндө аскерге чакырылган Данияр Нурбеков автокырсыкта жабыркаган.
Ал Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатканы, комадан чыга электиги кабарланган. Ага да Ош шаарынан тийиштүү адистер барып, операция жасалганы айтылган. Даниярдын апасы уулунун өмүрүн сактап калууну өтүнүп, президентке кайрылган.
Акыйкатчы институтунун маалыматында, былтыркы сегиз айда Коргоо министрлигинин аскер госпиталына жалпысынан 783 адам кайрылса, анын 114ү катардагы жоокерлер. Январь-июль айларында 8 аскер кызматкери жараат алган.(ZKo)
Шерине