Иран атышпоо макулдашуусунда Ливан дагы камтылганын, соккулар анын шарттарын бузганын билдирди. Ал эм Израил Ливандагы операцияны токтотуу жөнүндө сөз болбогонун, Тегерандын колдоосуна таянган уюмга каршы операцияны улантарын айтууда.
Бейруттук Наим Чеббо шаршембидеги соккулардан кийин үйүн тазалап, күбүлүп түшкөн терезелердин сыныктарын жыйнап жүрөт. Израил армиясы аткан ракеталардын бири Ливан башкалаасынын батыш ыптасындагы районго тийген.
“Коркунучтуу түш көрүп жаткандайбыз. Дагы сокку урушса эмне болот деп уктагандан да коркуп турам. Мен 51 жылдан бери жашаган үйүм бүлүнүп, талкаланды. Мунун баарын ким оңдойт?", - деп айтты Рейтердин кабарчысына 1986-жылы Ливан менен Израил ортосундагы согуш учурундагы аткылоолордон аман калган Чеббо.
Бул жолу да ал жашаган район чабуулга туш болгондо үйүндө жок болчу, дүрмөт жанындагы имаратка кулаган.
Шаршембиде Израилдин армиясы - ЦАХАЛ Ливандын туш тарабына жапырт сокку урду. Тегеран колдогон «Хезболла» согушкер тобу Иран менен АКШ атышпоо тууралуу макулдашкандан кийин Израилдин түндүк тарабына ракета атпай калганы менен өлкөнүн борбор калаасы баш болуп нече аймагы бомбаланды.
Израилдин армиясы операция учурунда 10 мүнөттүн ичинде «Хезболланын» Бейруттагы, Бекаа өрөөнүндөгү жана өлкө түштүгүндөгү 100дөн ашуун командалык пунктуна сокку урганын билдирди. Аскерлердин маалыматына караганда, негизинен калк жашаган райондор бутага алынган, кээ бир жерлердин тургундарына көчүп кетүү эскертүүсү берилген. Бирок Бейруттун борборунда жашагандар андай эскертүү албаганын айтышат.
Бейрут Израилдин соккусунан кийин. 8-апрель 2026-жыл
Эртеси Ливандын Жарандык коргонуу кызматы курмандыктардын саны 254кө жеткенин, бир миң 200гө жакын адам жаракат алганын маалымдады. Куткаруучулар урандылардын астында аман калгандарды азыркыга чейин издеп жатышат.
Күбөлөр, арасында Раша Фарран аттуу аял согушкерлердин жайлары жайгашпаган, бейкүнөө кишилер жашаган көчөлөр бомбаланганын айтып беришти:
"Бул райондо эч нерсе жок. Биз балкондо отурсак катуу жарылуу угулду. Анан үйүбүздү түтүн каптады. Ошондо сокку урулганын түшүндүк".
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху атышууну токтотуу макулдашуусунун Ливандагы согуштук аракеттерге тиешеси жок деп 8-апрелде кайталады.
Мындай позиция арачы түшкөн Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шарифтин сөздөрүнө каршы келет. Ал АКШ менен Ирандын убактылуу жарашуу макулдашуусуна Ливан дагы камтылганын айткан.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги Израилдин соккуларын айыптап, Ливандагы операцияны токтотуу сөз болгон макулдашууга киргизилгенин, ЦАХАЛдын соккулары анын шартын бузуп жатканын белгиледи.
Ирандык "Тасним" кабар агенттигинин маалыматы боюнча, Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израил Ливанды бомбалай берсе Тегеран келишимден чыгарын жана катуу жооп кайтарыларын эскертти.
Ислам жумурияты ошондой эле Ормуз кысыгын ачуу чечимин өзгөртүшү мүмкүн деп айтууда.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Тегеран атышпоонун шартын туура эмес түшүнгөнүн, Ливан камтылат деген убада берилбегенин билдирди.
"Соккуларды иликтөө жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу зарыл"
Аймактагы жана Европадагы бир катар лидерлер, Улуттар уюму Израилдин кечээки соккусун айыпташты.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш “жүздөгөн жайкын тургун, арасында балдар каза тапкан жана жабыркаган”, жарандык инфраструктура зыян тарткан жапырт чабуулду айыптады. Анын айтымында, мындай аракеттер АКШ менен Иран ортосундагы жарашууга көлөкө түшүрүүдө.
Уюмдун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк шаршемби күнкү соккуларды иликтөөгө жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды. Дипломат “кыйроолор менен адам өмүрүнүн кыйылышынын масштабы үрөй учурганын” белгилеп, израилдик расмий өкүлдөрдүн түштүк Ливанды басып алуу, атүгүл аннексиялоо максатын жашырбаган билдирүүлөрү тынчсыздануу жаратарын айтты.
Британиянын тышкы иштер министри Иветт Купер Ливандагы кармашты токтотуу зарылдыгын айтып, Израил сокку уруу менен "жаңылыш иш" жасап жатканын белгиледи.
Испания Израил жаңыдан жетишилген келишимди гана эмес, Ливанга "жүздөгөн бомба таштоо менен эл аралык мыйзамды бузду" деген позициясын ортого салды. Мунун алдында Мадрид Тегерандагы элчилигин кайра ачарын жарыялаган.
Израилдин соккуларын Ирак, Катар, Египет өңдүү региондогу өлкөлөр да айыпташты.
2-мартта Ливандык “Хезболла” Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеинин өлүмү үчүн "өч аларын" айтып, Израилди аткылоого киришкен. Ошондон бери ЦАХАЛ кошуна өлкөнүн түштүгүнө жана Бейруттун эл жыш жашаган конуштарына сокку урууда. Израилдин бийлиги согушкерлердин жайларын бутага алганын айтат.
Шаршембидеги соккуларга чейин Ливандын бийлиги 1500дөн көп киши, арасында 200дөн ашуун балдар менен аялдар набыт болгонун бир миллиондон көп киши, же өлкө калкынын ар бир бешинчиси жер которууга мажбур болгонун билдирген.
“Хезболла” аткан ракеталардан Израилде эки карапайым киши каза тапкан, турак жайлар менен жарандык инфраструктура объектилери кыйраган.