Эгер Башкы прокуратура же Жогорку сот демилгени колдосо, уюм ага көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Укук коргоочулардын эсебинде, 2022-жылдан бери тынч митингге чогулуп, соцтармактарда пикирин билдирип же башка пикирлерди бөлүшкөнү үчүн жоопко тартылгандардын арасынан 59 адамдын ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) козгоп, тергеген.
Жалпысынан, "Кылым шамы" келтирген расмий статистикага караганда, 2022-2025-жылдар аралыгында башаламандык, чакырык жана кастыкты козутуу тууралуу беренелердин негизинде 180 адам соттолду, алардын 21и аялдар. Биринчи инстанциядагы соттордо "массалык башаламандыктар" беренеси менен 72 адам (алардын бешөө аял) сот жообуна тартылган, "бийликти күч менен басып алууга коомдук чакырыктар" беренесинин негизинде 31 адам (бешөө аял) жана "кастыкты козутуу" беренеси боюнча 77 адам (11и аял) соттолгон.
Бул тизменин арасынан 49 ишти Ички иштер министрлиги козгоп, 12 киши соттолгон, ал эми 10 ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет козгоп, 9 киши сот жообуна тартылган. Мына ушул иштердин дээрлик баарында жалгыз далил катары Улуттук илимдер академиясынын адистери берген корутунду колдонулганын "Кылым шамынын" жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди:
Гүлшайыр Абдирасулова
“Бул иштерди башынан кайра карап чыгуу керек дегенимдин биринчи себеби алардын көбүнө Улуттук илимдер академиясынын политологиялык эксперттеринин корутундулары негиз катары алынган. Иш козголордун алдында тергөө органдары материалдарды ошол жакка жиберип, жыйынтыгын алгандан кийин кылмыш ишин козгоп, иш сотко өткөн. Биз 2024-жылы политологиялык экспертиза эмне экенин изилдеп чыкканбыз. Ошондо мындай экспертиза болбой турганын аныктаганбыз. Экинчиден, мыйзам боюнча мындай экспертиза жүргүзүүгө укугу жок экен. Ошондон бери айтып келе жатабыз. Бул корутундулар туура эмес берилген. Илимдер академиясы өзү да бизге жооп берип, “Туура эмес кылып коюптурбуз, чындыгында биздин академия мындай соттук экспертизаны жүргүзүүгө укуктуу эмес болчу. Биздин кызматкерлерде соттук эксперт деген сертификаттар жок” деп жооп берген. Алардын жообу биздин колубузда бар. Ошондон бери биз да, адвокаттар да айтып келе жатабыз”.
Буга чейин кылмыш иши козголгондордун айрымдарын эске салсак, алардын арасында акын Олжобай Шакир, Аскат Жетиген, Канышай Мамыркулова, Айбек Теңизбай, Каныкей Аранова, Зарина Төрөкулова баштаган бир топ адамдар бар.
Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев айрым кылмыш иштери боюнча илимий экспертиза жүргүзгөн кызматкерлердин бири болчу. Ал өзү ушул тапта “УКМКда иштегендердин мыйзамсыз аракетин ачыктаганы үчүн куугунтукка кабылганын” айтып, адилеттик талап кылып келе жатат.
Адис 2024-жылы камалып, ага “массалык башаламандыктар” жана “бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренелери менен айып коюлган. Төрт ай камакта жатып, кийин пробация менен бошотулган. Атайын кызмат буга байланыштуу комментарий берген эмес.
Карабаев атайын корутунду чыгарып берүүгө макул болбогонунун кесепетинен соттолгонун айтып жүрөт. Ал кылмыш ишин козгоого негиз болгон корутундулар кандай шартта жасаларын билдирди:
Жоомарт Карабаев
“Көптөгөн таанымал саясий иштер боюнча мага корутунду жасатууга аракет кылышкан. Мисалы, "Тилимпоз" долбоорунун негиздөөчүсү Тилекмат Куреновдун видео кайрылуусу боюнча, жарандык активист Эрбол Токтогулов жана башка бир топ адамдар боюнча материалдар мага түшкөн. Басым-кысым болгон. Менин кесиптешим Азаматка бир нече жолу келип, жасап кетишкен. Мен Олжобай Шакирдин ишинде көрсөтмө бергем. УКМКнын кызматкерлери бул ишти менин кесиптешиме кантип жасатканын айтып бергем”.
Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Мамлекет жана укук институтунун чыгарган корутундусунун негизинде сот иштери али күнгө чейин уланып жаткан блогер Айтилек Орозбеков аларга макул болбой, көз карандысыз лингвистикалык эксперттерге кайрылган. Бирок сот эки эксперттин корутундусу бири-бирине карама-каршы келет деген негизде комиссиялык лингвистикалык экспертиза дайындалышы керек деген токтомду жакында эле чыгарды:
Айтилек Орозбеков
“Булардын иши абдан начар, мен нааразымын. Бул кандайдыр бир буйрутма аткаргандай эле сезилет. Кантип эле ИИМ же УКМК кандай кааласа, ошондой кылып "кылмыш иши бар" деп чыгарып беришет? Ушул корутундулардын айынан мени тепкилеп, кармап кетишкен. Андан кийин он ай үй камагында отурдум. Азыр да эч жакка кетпөө тил каты менен жүрөм. Сот иштерим бүтө элек. Кармалгандан кийин ооруп жаттым. Он ай Бишкектен чыга алган жокмун. Бардык кордук эксперттин айынан болуп жатат”.
Айтилек Орозбеков тил маселесин көтөрүп жүргөн блогер. Ага “улут аралык кастыкты козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголгонуна бир жылга жакындап, соттук отурумдар дале уланууда. Ал коомчулукка президент Садыр Жапаровдун кебиндеги каталарды айтып чыкканы менен белгилүү. Андан сырткары ал өзүнүн YouTube каналында коомдук тейлөөчү жайларда кыргыз тилинин колдонулушун талап кылган видеолорду бөлүшүп келет.
Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун политологиялык изилдөө жана экспертиза бөлүмүнүн мурдагы башчысы Токон Мамытов экспертиза маселесине байланыштуу айтылган дооматтар боюнча мындай пикирин билдирди:
Токон Мамытов
"Мамлекет жана укук институту илимий экспертиза эле бере алат. Илимий экспертиза берүү биздин укугубуз. Бул корутундуну кылмыш ишине тиркейби же тиркебейби, бул соттун, тергөөчүнүн, прокурордун укугу. Алар жооп бериш керек. Эч кандай басым менен корутунду берилген эмес".
Аталган мекеменин соттук экспертиза жүргүзүүгө мыйзамдуу укугу бар же жоктугу тууралуу маселе боюнча аларга адвокат Акынбек Ногоев кат жолдогон.
Акынбек Ногоев
“Ооба, мен политологиялык экспертиза боюнча аларга кат жолдогом. Адилет министрлигинин реестринде Улуттук илимдер академиясы жок экен. Анын алдындагы институту да реестрде жок болуп чыккан. Ал эми ал жерде корутунду чыгарган Жанышбек уулу Азамат да эксперт катары тизмеде, реестрде жок экени белгилүү болгон. Эң негизгиси, бул жерде мыйзамдын талабына ылайык эксперттердин лицензиясы болушу шарт”.
2022-жылы соттук отурумдардын биринде юрист Нурбек Сыдыков да политологиялык экспертизаны жүргүзгөн адам эксперт эмес деген оюн айткан.
"Кылым шамы" уюму эгер Башкы прокуратура же Жогорку сот жогоруда аталган иштерди кайра кароону чечсе көмөктөшүүгө даяр экенин билдирүүдө.
Февраль айынын башында Кыргызстанда атайын кызматтын реформасы башталганда бир катар медиа уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, "жапырт башаламандык" жана башка оор беренелер боюнча айыпталгандардын ишин кайра кароого чакырышкан. Бийлик жарандык активисттерге, журналисттерге жана бизнес өкүлдөрүнө болгон мамиле кайра каралып чыгарын билдирген.
Укук коргоочулар мыйзамсыз аракеттерге айыптаган мекемелер же кызматкерлер азырынча өз пикирин же комментарийин бере элек.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Пикири үчүн камалгандардын иши