Чек ара кызматы Ош облусундагы “Эркечтам” өткөрүү пунктунда өмүрүнө кол салганы айтылып жаткан 22 жаштагы (И. уулу А.) жоокер каза болгонун билдирди. Мекеменин маалыматында ал Алай районунун Гүлчө шаарында ооруканада жан берген.
Келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан жоокер 7-апрелде өзүнө аткан ок ээктин алдынан кирип, көз тушунан чыгып кеткен. Жаагы, баш сөөктөрү жабыркаган. Ал аталган өткөрүү пунктунда келишимдик негизде үч жылдан бери кызмат өтөп жаткан.
Мамлекеттик Чек ара кызматы жоокер өзүн өзү атып алган деп 8-апрелде кабарлаган. “И. уулу А. (2004-жылы туулган) АК-74 автоматы менен башына ок чыгарып, өз жанын кыйганга аракет кылган. Бул факт боюнча тиешелүү укук коргоо органдарына маалымдалды”, - деп билдирген Чек ара кызматы.
Окуянын бардык жагдайларын жана себептерин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө жүрүп жатат.
4-апрелде Лейлектеги Чек ара тозотунда аскердик кызмат өтөп жаткан жоокер, аскерге былтыр күзүндө чакырылган Данияр Нурбеков автокырсыктан жабыркаган.
Акыйкатчы институтунун маалыматында, 2025-жылдын сегиз айында Коргоо министрлигинин аскер госпиталына жалпысынан 783 адам кайрылса, анын 114ү катардагы жоокерлер. Январь-июль айларында сегиз аскер кызматкери жаракат алган. (BTo)