Кыргызстанда акыркы айларда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков менен байланышы бар делген бир нече киши камакка алынды. Арасында атайын кызматтын дагы өкүлдөрү бар.
"Эду" атка конгон Жакыпбеков коррупцияга каршы күрөш деп ишкерлерди текшерүү, камоо, "кустуруу" деген ат менен таанылган иштин башында туруп, мүлкүн, каражатын камакка алуу өңдүү айрым ири операцияларды жетектегени көптөн бери эл арасында айтылып келген. Ага каршы ондогон ишкер арыз жазган. Арыздангандар азырга чейин уланып жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниэл Рысалиев 11-июнга чейин үй камагына алынганын, мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-апрелде чыгарганын “Азаттыкка” райсоттун басма сөз кызматы билдирди.
Расмий маалыматка караганда, аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү берген. Даниэл Рысалиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылганы белгилүү болду.
Рысалиев кармалганы 13-апрелде белгилүү болгон. Кылмыш иши тууралуу ИИМ маалымат бере элек. Ал 2025-жылдын декабрь айында УКМКнын төрагасынын орун басары - Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалган. 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан бошоткондон кийин атайын кызматтын жетекчисинин бардык орун басарлары, анын ичинде Даниэл Рысалиев да жумуштан алынган.
Милиция кызматкерлери аны Ысык-Көлдөн кармаганы белгилүү болду.
“Азаттыкка” келип түшкөн маалыматтарга караганда, Рысалиевдин үстүнөн Ысык-Көлдөгү “Ак-Бермет” пансионатынын ээси Нурлан Насирдинов арызданган. Маалыматты ишкердин атасы Акжолтой Насирдинов ырастады:
“Бул жерде облуста УКМКнын начальниги болуп иштеп турчу да ал. Анан ошо, УКМКнын Сары-Ойдо пансионаты бар эмеспи, ошого үч кабат корпус салып бересиң деп атпайбы. “Мен кантип куруп берем, андай мүмкүнчүлүгүм жок, андай мүмкүнчүлүк болсо өзүбүзгө эле куруп албайт белек” дегем. Ошо бойдон коркутуп алып кеткен. Ошого арызданган го. Азыр Бишкекте жүрөт, арыздандым деп айтып аткан”.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Мурдагы чекист Даниэл Рысалиев кармалганы кабарланды
Рысалиев 2025-жылдын декабрь айында УКМКнын төрагасынын орун басары - Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалган.
Аны менен кошо УКМКнын дагы эки кызматкери кармалганы кабарланып, бирок, ысымдары такталган жок.
Рысалиевдин жакындары же жактоочулары азырынча анын дарегине айтылган айыптоолорго байланыштуу комментарий бере элек.
Жактоочу Асылбек Кунгуров УКМКнын Ош облустук жана шаардык башкармалыгы бир катар чуулгандуу иштерди тергегенин айтат. Башкармалыктын ошол кездеги жетекчиси катары мекеменин бардык ыкчам иштери жана тергөө иштери Даниэл Рысалиевдин жеке жоопкерчилигинде болгон деп эсептейт.
Адис соңку кездери УКМК башкармалыгынын иш-аракеттеринде бир кыйла өзгөрүү байкалганын белгилейт:
Асылбек Кунгуров
“Өлкөнүн жогорку саясий бийлиги УКМКда реформа жасайбыз, УКМК өзүнүн түздөн-түз функцияларын аткарышы керек, саясат менен алектенбейт жана бизнес чөйрөсүнө кийлигишпейт деп билдирүүлөрдү жасады. Ошол реформалар иш жүзүндө кандай болот – аны көрө жатарбыз. Бирок, азыр көп болбосо дагы, айрым өзгөрүүлөр бар. Мурда ар бир кылмыш ишине (башка иштерге да) УКМКнын ыкчам өкүлдөрү сотторго барып катышып, ачыктан ачык эле басым жасап келген. Атүгүл УКМК кызматкерлери тергөө изоляторлорунда кыйноолорго чейин барган. Азыр мен жактоочу катары ошол жагынан өзгөрүүнү байкап жатам. Сотторго барбай жатышат, башка кийлигишүү да байкалбайт. Чындыгында реформа кандай болот, иш жүзүндө кандай жемиш берет, аны убакыт көрсөтөт деп эсептейм”.
УКМК жетекчилиги системаны тазалоо, ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн кадрдык курамды активдүү тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирүүдө.
Өткөн жуманын соңунда атайын кызматтын учурда иштеп жаткан үч кызматкери кармалганы кабарланган болчу. Атайын кызмат маалымдагандай, тергөөнүн жүрүшүндө алардын ишкердик субъектилерден системалуу түрдө акча опузалоо фактысы аныкталган.
Кармалгандардын бирөө УКМКнын Нарын облустук башкармалыгынын мурдагы башчысы, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖКУУ) Туруктуу кеңешиндеги Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Кубанычбек Атажанов экени айтылган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажановдун бир тууганы экени да белгилүү. 2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого “Мекенчил” партиясынан катышкан.
Депутат Ырысбек Атажановдон бир тууганы тууралуу комментарий алуу мүмкүн боло элек. 13-апрелде Кубанычбек Атажановду ЖККУдагы кызматынан бошотуу боюнча президенттин буйругу чыкканы жарыяланды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин айрым кызматкерлеринин ишкерлерге жасаган мыйзамсыз аракеттери тууралуу парламентте да айтылып келет.
Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева атайын кызматтан жабыр тарткан дагы бир ишкердин көйгөйүн көтөргөн:
Элвира Сурабалдиева
“Убагында “Камчыбек Көлбаевден жабыркагандар бизге кайрылгыла” деп УКМКнын жетекчилиги жарыялаптыр. Анан, мага жакында бир жараныбыз кайрылып атат. “Көлдө бир пансионатым бар эле, ошону убагында УКТ (уюшкан кылмыштуу топтор) тартып алышкан” дейт. Анан мен сүйүнүп алып, ошол ураандан кийин барсам, тескерисинче, менден экинчи ирет УКМК кызматкерлери тартып алып”, “азыр ал мамлекетке өттүбү” десем, “жок, ошол тегерегинде иштеп жүргөн жарандардын бирөөнүн колунда” дейт. Бул арыз боюнча мен сизге тагыраак маалымат-каттарды берем, ошону карап көрүңүздөр. Ушундай учурлар текшерилип жатабы?”.
Башкы прокурор Максат Асаналиев УКМКдан жабыр тартканын айткан ишкерлерден арыз көп түшүп жатканын, алардын саны 386га жеткенин билдирди.
Жакында эле УКМКнын дагы бир Б.Р. деп аталган кызматкери ишинен убактылуу четтетилип, анын үстүнөн түшкөн арыз боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканы маалымдалган. Ал боюнча Бишкек шаарынын тургуну даттанып, үй-бүлөсүнө басым кылып жатканын билдирген.
Мурдараак, 12-мартта аталган кызматкерди Аскер прокуратурасы “Кызмат абалынан кыянат пайдаланган” деген шек менен кармап, бирок, 14-мартта Биринчи май соту аны үй камагына чыгарып койгон.Президент Садыр Жапаров Ош облусун кыдырып жүрүп блогерге курган маегинде УКМКнын аша чаап кеткен кемчиликтерин оңдоп, мыйзам бузууларды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын айтты:
Дагы караңыз
Ош: Жапаров элдин суроолоруна түз жооп берип, талаш маселелерди тынч жөнгө салууну тапшырды“Аскер прокуратурасы бүт ушул иштер боюнча иштеп атат. Жазасын алып атат. Мына, кечээ эле дагы үчөөнү камады деп уктум. Мен алардын фамилияларына деле, эмнеге камаганына да кызыкпадым. Улуттук коопсуздук кызматынын учурдагы иштеп аткан кызматкерлери дагы камалып атпайбы. Тазаланып атышат”.
Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан алынгандан кийин анын тегерегинде жүргөн бир катар кызматкерлер ишинен четтетилип, айрымдары камакка алынууда. Арасында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын начальниги Элдар Жакыпбековдун ысымын ээрчиген маалыматтар өзгөчө чуу жаратып келет.
Ташиевдин ордуна келген төрага Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын ичинде тазалоо жүрүп жатканын, 7 кызматкер атайын кызмат системасынан кетирилгенин, 83ү иштен алынганын жана 13ү тартип жазасына тартылганын 18-мартта билдирген.
Ишкерлер коомчулугу менен жолугушканда ал мындан ары негизсиз кийлигишүү токтой турганын убада кылган.
Жумгалбек Шабданбеков
“Акниет бизнес эркин жана ишенимдүү иштеши керек. Укук коргоо органдарынын негизги милдети – тоскоолдук жаратуу эмес, экономиканы коргоо. Андыктан биз силердин ишиңерге негизсиз кийлигишүү ниетибиз жок. Тескерисинче, силерге кандайдыр бир басым болсо, коргоого даярбыз. Жалгыз талабыбыз – ишиңерди ачык жана акниет жүргүзгүлө”, - деген Шабданбеков.