“Ред Петролеум” мунай компаниясынын жетекчиси Акылбек Маматов кармалганын жергиликтүү басылмалар укук тартибин коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды. Аны 13-апрелде Аскердик прокуратуранын кызматкерлери кармаганы айтылды, бирок иштин жагдайы белгисиз. Башкы прокуратура да үн ката элек.
Социалдык тармактарда Маматовдун кармалышын "Кыргызнефтегаз” ишине байланыштыргандар болууда. Бул мамлекеттик ишканада жемкорлук аныкталганы расмий айтылып, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары шектелүүдө.
Кыргызстанда ишмердиги экстремисттик деп табылган “Клооп” басылмасы былтыр ноябрда Маматов менен Ташиевдердин байланышы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.
Дагы караңыз
"10 млн долларлык чай ичтиң..." Абдыкеримов Ташиевге кайрадан доомат арттыАкылбек Маматов - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдимуктар Маматовдун уулу. "Ред Петролеум" компаниясы 2015-2020-жылдар аралыгында мунай ташууга 3900дөй мамлекеттик келишим түзүп, 1 млрд сомдон ашык пайда тапканы журналисттик иликтөөдө айтылган. Буга атасы Абдимуктар Маматовдун Жогорку Кеңешке депутат болуп келиши байланыштырылган.
Атасы ага чейин бир нече мунай компаниясында иштеген. Журналисттер ал ишканалар Ташиевдерге тиешеси болгонун жазган.
Абдимуктар Маматов уулунун кармалышы жана Ташиевдерге тиешеси тууралуу так жооп берген жок:
“Иш мыйзамдын негизинде эле кетип жаткан. Эч кандай немеси жок, ал жактан эч кабарым жок эле. Балам иштетчү. Ал жерди өзү башкарчу. Билбейм эми, ал жагын тергөө аныктайт да”.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык схема боюнча кылмыш ишин козгоп, Камчыбек Ташиевдин бир тууганы, мурдагы депутат Шаирбек Ташиевди камакка алган. Камчыбек Ташиев да чет өлкөдөн кайтып келгенден кийин сурак берген. Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев да “Кыргызнефтегаз” боюнча кармалганы айтылып, кийин үй камагына чыкты. Мындан улам “Ред петролеумдун” жетекчиси Акылбек Маматовдун кармалышына да Ташиевдер менен байланышы себеп болушу мүмкүн дегендер бар.
Дагы караңыз
"Сотко кийлигишип, кыйноого чейин барышчу". УКМК тазаланып жатабы?Экономист Эрлан Камалов буларга токтолду:
“Бийликте турган партиялар же саясий лидерлер менен байланышы бар компаниялар өзгөчө укукка ээ болгон учурлар, салыктык жеңилдиктерге жетишкен, көмүскө экономикага кирип кеткен учурлар көп эле болгон. Бул терс көрүнүштөрдөн сабак алып, келечекте ачык-айкын жана эркин экономикага жол ачкан багытты тандашыбыз керек. Себеби бул тармакта дүйнөлүк рейтингдерде канчалык жакшы болсок, ошончолук чет элдик инвесторлордун кызыгуусу артат”.
Ташиев менен Маматовдун мунайдан тышкары башка да байланыштарын байкоого болот. Маселен, Ташиев жетектеп турган Кыргыз футбол биримдигинде Маматов вице-президент.
Маматовдордун ысымы Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Төрөбаев иниси Эркин Жолдошалиев менен сүйлөшкөн аудиодо да айтылат. Жолдошалиев мүлкүн Ташиевдер тартып алганын айтып жатып Маматовдор тууралуу да учкай сөз кылган.
47 жаштагы Акылбек Маматов “Ред Петролеум” компаниясын 2015-жылдан бери жетектейт. Президент Садыр Жапаров аны 2025-жылы экономиканын өнүгүүсүнө салым кошту деген негизде “Даңк” медалы менен сыйлаган.
Ал Кыргызстандагы америкалык соода палатасынын директорлор кеңешинин мүчөсү.