Президент Садыр Жапаров Улан Маматкановду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындады. Эми аны
кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.
44 жаштагы Улан Маматканов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында төрөлгөн. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 2005-жылы Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде баштап, андан бери өкмөттүн түзүмүндө бир катар кызматтарды аркалаган. Ал Министрлер кабинетинде социалдык тармакты тейлейт.
Садыр Жапаров буга чейин Эдил Байсаловду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотуп, Кыргызстандын АКШдагы элчиси кылып дайындаган.
48 жаштагы Эдил Байсалов соңку 25 жылдан бери активдүү саясатчылардын бири. Ал саясатка активист, кийин укук коргоочу катары келип, соңку жылдары Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болгон, 2021-жылдан бери вице-премьер болуп келаткан. (BTo)