Өзгөндө асынган абалда табылган келиндин өлүмүн милиция иликтеп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) тарабынан 12-апрелде Өзгөндө асынган абалында табылган келиндин иши боюнча иликтеп-тергөө иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Милиция кабарлагандай, 29 жаштагы келиндин сөөгү өз үйүнөн асынган абалда табылганы тууралуу маалымат жергиликтүү милиция бөлүмүнө 12-апрель күнү, саат 19:00 чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге жана маркумдун сөөгүнө кароо жүргүзүлгөн, күбөлөр суралган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда окуянын чоо-жайы толук иликтенип жатат.

Соцтармактарда маркумдун үч баласы бар экенин жазышууда.

Бул окуя жыл башынан бери жаш келин асынган абалда табылган экинчи учур.

19-февралда Ош облусунун Ноокат районунда 21 жаштагы келин асынган абалда табылган. Маркумдун жакындары окуя алдында эле келин жолдошунан зомбулук көргөнү тууралуу укканын айтып, анын өз жанын кыйганына ишенбесин билдиришкен.

4-апрелде Бишкектин Жал кичирайонунда 27 жаштагы келин 2025-жылы жана 2021-жылы туулган эки баласы менен алтынчы кабаттан кулаган. Келин кичүү баласы экөө ошол жерден жан бергени, төрт жашар кызы ооруканага жеткирилген. Милиция окуяга байланыштуу адамды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү деген негизде кылмыш ишин козгоп, маркумдун күйөөсүн кармап, камакка алган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгон. Мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган. Ошондой эле былтыр Кылмыш-жаза коедксинин 177-беренеси ("Үй-бүлөлүк зомбулук") боюнча 36 кылмыш иши козголгон. Жалпысынан бул багыттагы укук бузууларга байланыштуу 6 миңден ашуун протокол түзүлүп, зарыл чаралар көрүлгөнү кабарланган.(ZKo)

Дагы караңыз

Жакынкы Чыгыш: Кытайдын "согуш дипломатиясы", Лавровдун Бээжин сапары Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кеттиТрамп Иран менен ок атышууну токтотуу келишимин узартуу планы жок экенин билдирдиОш шаарында 735 295 сомдук алимент өндүрүлдүИИМ Айдарбековдун дагы башка мыйзам бузуулары аныкталганын билдирдиВашингтондо Израил менен Ливандын дипломаттары жолугушту