Президент кызматкерлер Ысык-Көлдү торлордон тазалап бүтө албай жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ), Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери акыркы беш жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатканын билдирди.

Бул тууралуу мамлекет башчы Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып, Соң-Көл көлү менен Токтогул суу сактагычында да ушундай эле көрүнүш экенин кошумчалады.

“Эл арасында “торлорду бажыдан өткөрбөй койбойсуңарбы” деген сын-пикирлер бар. Албетте, синтетикалык торлорду Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салынган. Бирок мурда алынып келинген торлордун арты бүтпөй жаткандай. Ошондуктан, кимде мурда алынып келинген торлор бар болгон болсо жогорудагы министрликтерге тапшырып берсеңиздер, өтүнүч”, - деп жазды.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Мурдагы үч судья Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы, Сания Бранчаеванын ишин сот карай баштадыАтайын кызмат Жапаровго арызданган Матиевдин иши боюнча маалымат бердиТрамп Израил менен Ливандын лидерлеринин жолугушуусу өтөрүн билдирдиУкраинада түндө каза болгон 15 кишинин бири өспүрүм экени кабарландыПрезидент облус-райондор жоюлуп, округдарга бөлүнүшү мүмкүн экенин айттыУКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары баш болгон төрт адам эки айга камалдыАйдарбеков ЖК депутаттыгына талапкерлигин алуу тууралуу арыз жаздыБишкектин мэри "Манастын" аймагынан өтө турган Миңжылкиев көчөсү ачыларын айтты