Өзгөндө дагы бир кыздын сөөгү асынган абалда табылды

Ош облустук ички иштер башкармалыгы.

Ош облусунун Өзгөн районунда 15 жаштагы кыздын сөөгү асынган абалда табылды. Бул факты 14-апрелде Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөө жүрүп жатат. Маркумдун денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) окуянын чоо-жайы тууралуу кенен маалымат бере элек.

12-апрелде эле Өзгөндө 29 жаштагы келиндин сөөгү өз үйүнөн асынган абалда табылган.

19-февралда Ош облусунун Ноокат районунда 21 жаштагы келиндин сөөгү табылган. Маркумдун жакындары окуя алдында эле келин жолдошунан зомбулук көргөнү тууралуу укканын айтып, анын өз жанын кыйганына ишенбей турганын билдиришкен.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгон. Мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган. Ошондой эле былтыр Кылмыш-жаза коедксинин 177-беренеси ("Үй-бүлөлүк зомбулук") боюнча 36 кылмыш иши козголгон. Жалпысынан бул багыттагы укук бузууларга байланыштуу 6 миңден ашуун протокол түзүлүп, зарыл чаралар көрүлгөнү кабарланган.

Дагы караңыз

Түркияда мектепте ок жеп каза тапкандар тогузга жетти, үч кишинин абалы оорТрамп Израил менен Ливандын лидерлеринин жолугушуусу өтөрүн билдирдиПрезидент кызматкерлер Ысык-Көлдү торлордон тазалап бүтө албай жатканын айттыМурдагы үч судья Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы, Сания Бранчаеванын ишин сот карай баштадыАтайын кызмат Жапаровго арызданган Матиевдин иши боюнча маалымат бердиУкраинада түндө каза болгон 15 кишинин бири өспүрүм экени кабарландыПрезидент облус-райондор жоюлуп, округдарга бөлүнүшү мүмкүн экенин айттыУКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары баш болгон төрт адам эки айга камалдыАйдарбеков ЖК депутаттыгына талапкерлигин алуу тууралуу арыз жазды