Ички иштер министрлиги (ИИМ) Эрбол Эрик уулу аттуу 26 жаштагы адамды кармоого катышкан милиция кызматкерлерине кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирди.
Министрликтин маалыматында 9-апрелде милицияга жабырлануучумун деген адам арыз менен кайрылып, Эрбол Эрик уулуна чара көрүүнү суранган. Териштирүүдө 2026-жылдын 31-мартында Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө белгисиз адам арыздануучунун ишеничине кирип, баасы 65 миң сомдук MacBook Air M2 үлгүсүндөгү ноутбугун алып кеткени такталган. ИИМ шектүү “акчаны үч сааттын ичинде кайтарып берем” деп из жашырып кеткени аныкталганын кабарлады.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери Эрбол Эрик уулун аныктап, тергөө кызматына жеткирилген. Ага айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы катары электрондук байкоо жүргүзүү тандалып алынган.
Мындан тышкары, Эрбол Эрик уулу ИИМдин Ички иликтөө кызматына арызданып, милиция кызматкерлерине чара көрүүнү өтүнүп, кызматтык текшерүү башталган. ИИМ анын жыйынтыгы менен милиция кызматкерлерине укуктук баа берилерин кошумчалады.
16-апрелде социалдык тармактарда милиция кызматкерлери Эрбол Эрик уулун кармоо учурунда аны башка-көзгө чаап, тээп кармаганы тартылган видео тараган. Укук коргоо органынын кызматкеринин бул мамилеси коомчулукта сынга кабылып, ага чара көрүү талаптары жазылууда. (BTo)