Жакынкы Чыгыш: Согушту токтотуу келишими узарабы?

Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр жанданып, тынчтык келишимдерине жетишүү аракети күчөп жатат. АКШ президенти Израил менен Ливандын лидерлери жолугарын билдирди. Бейрут азырынча ырастай элек. Израил менен «Хезболланын» соңку согушу эмнеден улам башталды? Ал качан токтошу мүмкүн?

АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Ливандын лидерлери 16-апрелде сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн билдирди. Эгер ал ишке ашса, бул 1993-жылдан берки алгачкы ушундай деңгээлдеги сүйлөшүү болмокчу. Жолугушуунун максаты Иран колдогон «Хезболла» менен алты жумадан ашык созулган согушка чекит коюу үчүн ок атышууну токтотууга жетишүү.

"Хезболла" - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ "Хезболланы" террордук уюм деп тааныйт. Евробиримдик анын куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливан парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар.

Израилдин коопсуздук кабинетинин мүчөсү Гила Гамлиел армиянын радиосуна берген маегинде премьер-министр Биньямин Нетаньяху Ливандын президенти Жозеф Аун менен сүйлөшөрүн айтты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ливан: Израилдин чабуулу, Трамптын билдирүүсү

Бирок France Presse жана Reuters агенттиктери Ливандагы өз булактарына таянып, Бейруттун мындай сүйлөшүүлөр тууралуу «маалыматы жок» экенин жазышты.

АКШ президенти Дональд Трамп социалдык тармакта Вашингтон «Израил менен Ливандын ортосунда бир аз тыныгуу түзүүгө аракет кылып жатат» деп жазып, лидерлердин сүйлөшүүсү 16-апрелде болорун билдирген. Ал кимдер жолугарын тактаган жок.

Жума башында дагы ушундай түшүнбөстүктөр болгон. Анда Трамп элчилер деңгээлиндеги сүйлөшүү болорун жарыялаган, бирок Бейрут расмий өкүлдөр андай маалымат албаганын билдирген. Ошого карабай, ал сүйлөшүүлөр өткөн.

14-апрелде Вашингтондо уюштурулган жолугушуу акыркы 30 жылдан берки убакыттагы эки өкмөттүн эң жогорку деңгээлдеги алгачкы байланышы болду.

Анын жыйынтыгында тараптар өз ара макулдашылган убакыт жана жерде түз сүйлөшүүлөрдү баштоону келишишкен.

Ошол эле учурда тараптардын ортосундагы негизги пикир келишпестик чоң бойдон калууда. Ливан ок атышууну толук токтотууну негизги шарт катары коюуда.

Ал эми Израил буга макул болгон жок. Өкмөт башчы Биньямин Нетаньяхунун өкүлү «Хезболла» менен атышууну токтотпой турганын билдирген.

Нетаньяху операциянын максаты «Хезболланы» куралсыздандыруу экенин айткан.

15-апрелде да салгылашуулар уланды. Израилдин соккуларынан Ливандын түштүгүндө кеминде 20 адам каза болду. Алардын арасында Майфадун айылында жарадарларга жардам көрсөтүүгө барган төрт медик набыт болгонун National News Agency билдирди.

Ливан бийлигинин маалыматына ылайык, 28-февралдан бери өлкөдө 2 100дөн ашуун адам каза болуп, 1 миллиондон ашык адам жер которууга мажбур болду.

Израил менен «Хезболланын» ортосундагы жаңы кагылышуулардын чоо-жайы

АКШ менен Израил 28-февралда Иранга абадан сокку ура баштагандан кийин 48 саат өтпөй, «Хезболла» да жаңжалга кошулуп, өзүнүн негизги колдоочусу болгон Иранга колдоо көрсөттү.

«Хезболла» 2-марттан бери коңшу Израилге жүздөгөн ракета, снаряд жана дрондор менен чабуул коюп жатат. Бул согушта жаңы фронт ачып, Израилдин аскердик ресурстарын бир нече багытка бөлүүгө мажбур кылды.

Жооп катары Израил Ливандын түштүгүндө кургактагы операция баштап, кеңири аба соккуларын жүргүздү.

Азыр Тегеран менен Вашингтон мүмкүн болгон тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурда, Иран аймактагы союздаштарына каршы чабуулдарды токтотууну, тактап айтканда, Израилдин «Хезболлага» каршы соккуларын токтотууну эң негизги талап катары жылдырууда.

«Ирактагы же Йемендеги топтордон айырмаланып, “Хезболла” Израилдин чек арасында жайгашкан жана ири ракета арсеналына ээ. Бул аны согушта да, сүйлөшүүлөрдө да Иран үчүн өзгөчө маанилүү куралга айлантат», - дейт Лондондогу Chatham House аналитикалык борборунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка программасынын директору Санам Вакил.

«Хезболла» Иран түзгөн «каршылык коалициясы» деп аталган тармактын негизги тиреги. Бул тармакка Йемендеги хусит козголоңчулары жана Ирактагы иранчыл куралдуу топтор да кирет.

Көп жылдар бою калыптанган бул альянс Ирандын чек арадан тышкары таасирин кеңейтүү жана Израил менен АКШ сыяктуу негизги каршылаштары менен түз кагылышуудан качуу стратегиясынын негизги бөлүгү болуп келген.

Акыркы жылдары бул альянс олуттуу соккуларга дуушар болду. «Хезболла» Израил менен бир жылга созулган согуштан кийин алсырады. Ал согушта уюмдун узак жылдар бою лидери болгон Хасан Насралла жок кылынган. 2024-жылдын аягында эки тарап ортосунда жарашуу жарыяланганына карабастан, Израил топтун жетекчилигин жана курал-жарагын бутага алууну уланткан.

Көпчүлүк байкоочулар «Хезболла» дээрлик алсырап калды деп эсептеп жаткан. Бирок уюм Израилге каршы туруктуу чабуулдарын улантып, дагы деле олуттуу ракета жана курал запасына ээ экенин көрсөттү.

«Акыркы жоготууларга карабастан, Иран дагы эле “Хезболланы” өзүнүн негизги тиреги жана коргонуу кепилдиги катары карайт. Эгер Иранга сокку урулса, бул топ Израилге түздөн-түз коркунуч жарата алат», — деп белгилейт Вакил.

Хезболла Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка тоскоолдук жаратуудабы?

Иран менен АКШ 7-апрелде эки жумага жарашууга макул болгондон кийин, ок атышууну токтотуу жараянынын Ливанга тиешеси бар-жоктугу боюнча талаш жаралды.

Вашингтон келишим Израилдин «Хезболлага» каршы чабуулдарын токтотууну камтыбайт деп билдирсе, Тегеран тескерисинче аны камтыйт деп эсептеген.

Макулдашуу күчүнө киргенден кийин 24 саат өтпөй эле Израилдин Ливанга урган жапырт соккуларынан 300дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылып, 1000ден ашуун адамды жаракат алды.

Бул соккулар эл аралык коомчулуктун кеңири нааразычылыгын жараткан соң, Израил чабуулдарын бир аз басаңдатты.

Иран Израилге түз жооп кайтарган жок, бирок Ормуз кысыгын толук ачуудан баш тартып, ары-бери өткөн кемелерден төлөм талап кыла баштаган. Мунун айынан буга чейин эле араң турган макулдашуу дагы чыңалууга дуушар болду. Андан кийин АКШнын аскер-деңиз күчтөрү Ирандын портторуна жана кысыктагы кыймылга блокада киргизип, Тегерандын мунай жана газ экспортун токтотууга аракет кылды.

11-апрелде Исламабадда өткөн АКШ менен Иран өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн алдында Тегеран Израилдин «Хезболлага» каршы чабуулдары уланып жатканына байланыштуу сүйлөшүүлөрдөн баш тартарын эскерткен. Бирок акырында ирандык делегация катышканы менен тараптар согушту токтотуу боюнча келишимге келе алышкан жок.

Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдүн алдында Иран 10 баскычтан турган тынчтык планын сунуштаган. Анда негизги талаптардын бири катары Ливан, Ирак жана Йемендеги өз союздаштарына каршы АКШ менен Израилдин чабуулдарын токтотуу көрсөтүлгөн.

Тынчтык келишиминин тагдыры эмне болот?

Ливандагы туңгуюк абалдын фонунда Иран менен АКШ да сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын уюштурууга аракет кылууда. Пакистан ортомчулугу менен эки жумага эсептелген жарашуу 22-апрелде аяктайт.

15-апрелдеги маалыматтарга караганда, Тегеран менен Вашингтон ок атышууну токтотууну узартуу боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат, бирок эки тарап тең расмий комментарий бере элек.

Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өтөрүн бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты. Анткен менен расмий эч ким тактай элек.

Ак үй келишимге жетишүү мүмкүн экенин, кийинки сүйлөшүүлөр дагы Пакистанда өтүшү ыктымалдыгын белгиледи.

Пакистан армиясынын башчысы Асим Мунир жетектеген делегация 15-апрелде Тегеранга барып, Вашингтондун жаңы салам-дубайын жеткирип барганы маалым болду. Бул сүйлөшүүлөрдү жандандырууга жасалган кезектеги аракет.

Ошол эле учурда Иран менен АКШ Пакистан ортомчу болгон сүйлөшүүлөрдө тынчтык келишимине жетишүү аракетинде белгилүү бир жылышка жетишкени айтылууда.

Эки тараптын ортосундагы убактылуу жарашуу экинчи жана акыркы жумасына кирди. Бирок негизги суроолор, анын ичинде Тегерандын өзөктүк программасы боюнча маселе ачык бойдон калууда.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги 16-апрелде Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасынын датасы азырынча белгилене элек экенин билдирди.

Ошондой эле көңүл 16-апрелде Парижге бурулууда. Ал жерде Иранга байланыштуу дагы бир кризис талкууланат. Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Британиянын премьер-министри Кир Стармер болжол менен 40 өлкөнүн катышуусунда видеоконференция өткөрүшөт. Жыйындын максаты Ормуз кысыгындагы эркин кеме жүрүүсүн калыбына келтирүү.

Бул стратегиялык жол 28-февралда АКШ менен Израиль Иранга каршы аба соккуларын баштагандан бери дээрлик жабылып калган.

Талкууларда Иран Ормуз кысыгын жабууну улантса, ага каршы мүмкүн болгон каржылык санкциялар каралары күтүлүүдө.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу бир нече соода кемелерине кол салууларды жүргүзгөнү тастыкталган. Ошондой эле АКШ менен Израилдин аба чабуулдарына жооп катары кысыкка деңиз миналарын койгону кабарланууда.

Согушка чейин Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөдөгү деңиз аркылуу ташылган мунайдын болжол менен төрттөн бири жана суюлтулган жаратылыш газынын бештен бири өтчү.

Париждеги саммит тууралуу жакындан кабардар европалык расмий өкүл «Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, бул саммит «Трампка жакшы ниет көрсөтүү» максатын көздөйт жана 7–8-июлга белгиленген НАТОнун Анкара саммитине тоскоолдук жаратпоо максатында уюштурулуп жатат.

Дональд Трамп НАТОнун Иранга каршы согушка кошулбаганына нааразы экенин билдирген.

АКШ Париждеги саммитке катышуудан баш тартты. Анткени Трамп бул суу жолунун коопсуздугун камсыз кылуу Вашингтондун милдети эмес экенин айткан. Анын ордуна ал Иран портторуна каршы өзүнчө деңиз блокадасын киргизүүнү буйруган, бирок Британия бул демилгеге кошулган эмес.