АКШ–Кыргызстан: Авиация, санкция, виза маселелери талкууланды

Адылбек Касымалиев жана АКШ мамкатчысы Марко Рубио. Вашингтон, 2026-жылдын 15-апрели.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев АКШга иш сапары менен барып, Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушту. Ушу тапта эки өлкө ортосунда санкция, мигранттарга, визага байланыштуу бир топ маселе бар.

2015-жылдын 21-июлунда кыргыз бийлиги АКШ менен стратегиялык келишимден бир тараптуу чыгып кеткен. Ошондон бери жаңы келишим кабыл алына элек. Министрлер кабинетинин төрагасынын Вашингтон сапарында эмне маселелер каралганын айтып беребиз.

Сапары алкагында кыргыз өкмөтүнүн башчысы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазер жана Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани баштаган бир катар жетекчилери менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөргөнү кабарланды.

Жолугушууларда Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүшү, стратегиялык реформалар, уюмдун долбоорлорун ишке ашыруу механизмдери жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу иштери талкууланды.

“Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу Кыргызстан үчүн мурдагыдай эле эң актуалдуу жана артыкчылыктуу долбоор болуп эсептелет. Биргелешкен аракеттерибизден улам анын масштабы менен техникалык параметрлери бардыгыбызга белгилүү”, - деди ал.

Сапардын негизги саясий бөлүгү катары АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү менен эки тараптуу консультацияларды өткөрдү. Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушууда соода-экономикалык, каржы, инвестиция, жарандык авиация, санкциялар, виза режимин жеңилдетүү сыяктуу эки тараптуу маселелер талкууланды.

Касымалиев “Борбор Азия-АКШ” саммитинин маанилүүлүгүн белгилеп, өткөн жылы президенттердин бул форматтагы жолугушуусу аймактык кызматташууга күчтүү түрткү болгонун белгиледи.

"Биз Америка Кошмо Штаттарын маанилүү өнөктөш катары гана эмес, илимий-техникалык өнүгүүдөгү дүйнөлүк лидер катары да карайбыз. Кыргызстан инновациялар, санариптик трансформация жана алдыңкы технологияларды ишке киргизүү боюнча өнөктөштүгүбүздү кеңейтүүгө кызыкдар", - деди Адылбек Касымалиев.

Муну менен катар Америка мамлекеттеринин уюмунун башкы катчысы Альберт Рамдин менен жолугушканы маалымдалды.

Экономика жана финансы министрликтеринин деңгээлинде да Дүйнөлүк банк, Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фонду, ОПЕК өңдүү эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өткөрүлгөнү белгилүү.

Жолугушууларда Арал–Суусамыр автожолун реконструкциялоо, Камбар-Ата-2 ГЭС базасындагы демилгелер, ошондой эле суу менен камсыздоо жана саламаттык сактоо тармактарындагы долбоорлор талкууланды. Тараптар мамлекеттик сатып алуулар системасын реформалоо, “бирдиктүү терезе” системасын киргизүү, түз келишимдердин санын кыскартуу жана даттанууларды кароо механизмин күчөтүү боюнча аткарылган долбоордук иштерди кеп кылышты.

Финансы министрлиги билдиргендей, өзгөчө көңүл Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун бюджеттик колдоо көрсөтүүсү маселесине да бөлүндү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

АКШ - Кыргызстан: экономика, виза, инвестиция талкууланды

Сүйлөшүүлөрдө мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо маселелерине, ошондой эле бул багыттагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалды. Тараптар Digital CASA долбоорунун ишке ашырылышынын жыйынтыктарын талкуулашты. Бул долбоордун алкагында Кыргыз Республикасында негизги санариптик инфраструктура калыптандырылган. Ошондой эле маалымат борборлорун өнүктүрүүгө, Big Data технологияларын жана жасалма интеллектти киргизүүгө багытталган “Санарип Ордо” долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, Түштүк Кореянын Сонгдо шаарынын санарип өнүгүү тажрыйбасын колдонуу жана Digital Central Asia Hub аймактык платформасын илгерилетүү маселелери талкууланды.

Эл аралык саясат боюнча талдоочу Эдил Осмонбетов Жакынкы Чыгыштагы каатчылык менен геосаясаттагы бурулуштардын фонунда Борбор Азия чөлкөмүнүн ролу жаңы деңгээлге көтөрүлүшү мүмкүн экенин айтууда. Мындан улам ал экономикасы ылдам өсүп жаткан Кыргызстан жаңы багыттарга даяр экенин көрсөтүшү керек деп эсептейт:

Эдил Осмонбетов

"Араб мамлекеттери, Дубай инвестиция, технология жагынан көп жылдар өзүнчө бир борбор болуп келди. Бирок бүгүн согуш болгондо араб мамлекеттеринин да саясаты өзгөрүүдө. Геосаясат жана геоэкономика жагынан ал аймактын орду өзгөрөт. Азыр көп инвесторлор кайсы жактан инвестиция алып келүү жана кандай иштөө жолдорун издеп атат. Сөзсүз мыйзамдуулук, тынчтык жана коопсуздук болушу керек. Ошон үчүн Борбор Азия чөлкөмүнүн, анын ичинде Кыргызстандын да ролу аябай жогорку деңгээлге чыгып турат. Биз бүгүнкү күндө экономикалык өсүү боюнча көп мамлекеттерге жакшы көрсөткүчтү көрсөтүп жатабыз. Андыктан алар бул жакта жаңы багыттар менен иштесе болорун көрүп жатышат".

Кыргыз делегациясынын сапарында каржылык жана саясий күн тартиби менен катар Кыргызстандын технологиялык өнүгүүсүнө да басым жасалганы белгилүү болду.

Meta, Oracle, NVIDIA жана SpaceX сыяктуу алдыңкы дүйнөлүк корпорациялардын топ менежменти менен жолугушууларда мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо, жасалма интеллект инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Расмий кабарлангандай, Starlink (SpaceX) компаниясынын өкүлү менен Кыргызстанда спутниктик интернетти ишке киргизүүнүн акыркы этаптары талкууланды. NVIDIA жана ORACLE жетекчилери менен жасалма интеллект жана "булут технологияларын" өнүктүрүү маселесин сөз кылды. Meta жетекчилиги менен санариптик коопсуздук жана узак мөөнөттүү өнөктөштүк сүйлөшүлдү.

Дагы караңыз

АКШ - Борбор Азия: Сейрек минералдар, "Боинг" учагы. Саммиттин жыйынтыгы

Талдоочу Эдил Осмонбетов Кыргызстан санарип экономикасын өнүктүрүү үчүн дүйнөлүк компаниялардын тажрыйбасы менен жогорку технологияларын тартышы зарыл деген пикирде:

“Саясий консультациялар болгондо көйгөйлүү маселелерди чечип алса болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга сөзсүз түрдө каржы жагынан, технология жагынан жардам керек. Санариптик экономикага өтүү үчүн Meta, Oracle сыяктуу ири компаниялардын тажрыйбасы менен технологияларын алыш керек. Ошондуктан алар менен сүйлөшүү аябай маанилүү. Экинчиден, дүйнөлүк экономика өзгөрүп атат. Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору менен сүйлөшүп, алардын дагы критерийлерин карап, тажрыйбасына алып, керек болсо бизге дагы экономиканы өнүктүрүүгө каражат берет”.

Вашингтондо жыл сайын Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта корунун уюштуруусундагы “Жазгы кеңешме” деп аталган жыйын өтөт. Ага дүйнө мамлекеттеринен өкмөт башчылар, министрлер баштаган расмий делегациялар, борбордук банктардын, ири корпорациялардын, эл аралык финансылык институттардын жана өнүктүрүү уюмдарынын өкүлдөрү катышат.
Иш-чарада дүйнөлүк экономика, жакырчылыкка каршы күрөш, климаттык өзгөрүүлөрдү каржылоо жана өнүгүүнү натыйжалуу колдоо маселелери талкууланат.

Кыргыз делегациясы 2025-жылдагы жыйында Камбар-Ата-1 ГЭСи баштаган инфратүзүмдүк долбоорлорду, бюджеттик колдоо жана экономикалык өнүгүү долбоорлорун көтөргөн.