Аба ырайы: жаан, кар жаайт

25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда жана ашууларда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

20-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17.

Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 21…23° жылуу болот.

Дагы караңыз

Киевде дүкөндөгү кол салуудан алты киши каза тапты Текебаев соңку айлардагы окуяларды "ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш" деп атады"Интернет өчүп, карталар бөгөттөлүп жатат". Орусиядагы мигрантты кыйнаган маселе Жапаров Кыргызстан виртуалдык актив, Web3 технологиясынын хабына айланарын айтты Жунушалиев "Манас" университетинин жолго ижара мөөнөтү беш жыл мурда бүткөнүн айттыМаматалиев Германиядан мигранттар үчүн көбүрөөк квота берүүнү сурады