Украина: Орусия 2300дөн ашуун дрон, 1320 авиабомба, 60тай ракетадан сокку урду

19-апрелге караган түндө Орусиянын армиясы Украинага 236 учкучсуз учак менен чабуул койгонун, аларды 203ү жок кылынганын украин Куралдуу күчтөрү кабарлады.
"32 дрон 18 локацияга тийгени, ошондой эле сыныктар 8 жерге түшкөнү катталды", - деп айтылды билдирүүдө.

Черниговдо соккудан 16 жашар өспүрүм мерт кетти. Облустук администрация башчысы Вячеслав Чаус билдиргендей, куткаруучулар анын сөөгүн урандылардын алдынан табышты. Акыркы маалыматтар боюнча дагы төрт киши жаракат алды.
"Шаарда олуттуу кыйроолор. Лицей менен жер үй жабыркады. Өнөр жай объектилерине жана 2022-жылы орусиялыктар талкалап салып иштебей турган медициналык мекемеге дрон тийди", – деп жазды Чаус.

Жекшембинин таңында Херсондо учкучсуз учак автоунаага тийген. Украинанын Чукул кырдаалдар мамлекеттик кызматы маалымдагандай, бир адам мерт кетип, экөө жаракат алды. Облустук администрация башчысы Александр Прокудин мерт кеткен адам 56 жаштагы жаран экенин тактады.

Украин президенти Владимир Зеленский бир аптада Орусиянын армиясы 2360тан ашуун дрон жана 1320 авиабомба жана 60тай ракета менен сокку урганын билдирди.

"Орусияга каршы санкцияларды жеңилдетүүнү улантуу согуштагы азыркы чыныгы кырдаалга жана дипломатияга туура келбейт, Орусия жетекчилигинин согушту улантууга боло берет деген иллюзиясын күчтөндүрөт", - деп жазды Зеленский.

Украин президентинин сөзүнө караганда, учурда деңизде Орусиянын "көмүскө флотуна таандык" 110дон ашык танкер турат. "Алардын бортунда санкциялар жумшарганына байланыштуу эч кандай тоскоолдуксуз сатууга мүмкүн болгон 12 млн тоннадан ашуун орусиялык мунай бар. Бул 10 млрд доллар ресурс - түз эле Украинага жаңы сокку болуп урулат", - деп кошумчалады ал.

18-апрелде АКШ Орусиянын танкерлерге жүктөлгөн мунай жана мунай өнүмдөрүн убактылуу санкциядан чыгарган. Уруксат 16-майга чейин созулат жана транзиттеги мунайга гана тиешелүү.

Дагы караңыз

Аба ырайы: жаан, кар жаайт"Интернет өчүп, карталар бөгөттөлүп жатат". Орусиядагы мигрантты кыйнаган маселе Киевде дүкөндөгү кол салуудан алты киши каза тапты Текебаев соңку айлардагы окуяларды "ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш" деп атадыЖапаров Кыргызстан виртуалдык актив, Web3 технологиясынын хабына айланарын айтты Жунушалиев "Манас" университетинин жолго ижара мөөнөтү беш жыл мурда бүткөнүн айтты