Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Жогорку Кеңештин экс-спикери, саясатчы Өмүрбек Текебаев Фейсбуктагы өзүнүн постун комментарийлеп, анда Кыргызстандагы соңку айлардагы окуяларды “ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш” дегени коомчулукта туура эмес кабылданганын айтып чыкты.
"Мага коюлган дооматтын маңызы — Текебаев Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш аракети болду деп саясий куугунтуктоого жол ачып берди деген айыптоо. "Ийгиликтүү мамлекеттик төңкөрүш" же "ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш" деген туюндурмалар фактыны түз констатациялоо эмес. Бул — татаал саясий кырдаалды кыскача жана түшүнүктүү жеткирүүгө жардам берген тамашалуу, жалпыланган формула", - деп жазган элчи "бул сөздөрдү контексттен ажыратып, атайын башкча мааниге бурмалоо" болуп жатканын белгиледи.
Текебаев постунда кайсы бир саясий окуяга же конкреттүү адамдарга укуктук баа берилбегенин, айып тагылбаганын кошумчалаган.
Өмүрбек Текебаев 19-апрелде Фейсбукта баракчасына Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Германиядагы сапары тууралуу пост жазып, Маматалиев да, өзү да 45 жашында парламенттин башына келгенин, бирок экөөнүн бул кызматка келүү жагдайы ар башка экенин белгилеген.
Анын жазганы соцтармактарда кызуу талкууланган. Айрымдар элчи соңку окуяларды "туура сыпаттады" деп кубатташса, кээ бир интернет колдонуучулар Текебаевдин "ийгиликсиз төңкөрүш" дегенин сынга алышты.
Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев кызматына мурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулу президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү талабы менен жазылган чуулгандуу "75чилердин кайрылуусунан" улам, спикерликти тапшыргандан кийин шайланган. Нурланбек Тургунбек уулу төрагалыкты, андан кийин депутаттык мандатын да тапшырган. Ал спикерликтен өз каалоосу менен кетип жатканын, аны өлкөдөгү эки адам менен байланыштыруу туура эместигин билдирген.
Президент Садыр Жапаров 10-февралдагы жарлыгы менен Камчыбек Ташиевди 2020-жылдан бери аркалап келе жаткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан алган. Ташиев мындай чечимди Германияда дарыланып жүргөн учурунда укканын жана "күтүүсүз болгонун" билдирген.
Кайрылууга кол койгон жана аны уюштурган деген негиз менен беш адам кармалып, камакка алынган. Жогорку Кеңештин ондон ашык депутаты мандаттарын тапшырган. (ZKo)