ЖК комитети өкмөт башчынын орун басарлыгына Маматкановдун талапкерлигин жактырды

Улан Маматканов.

Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитети Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына Улан Маматкановдун талапкерлигин колдоду. Эми анын талапкерлиги 22-апрелде парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Маматканов социалдык тармакта көңүл бурула турган негизги маселелерге токтолуп, актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

"Билим берүү стратегиялык багыт. Сапаттуу билим менен гана күчтүү мамлекетти курууга болот. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана шыктандырууну камсыз кылуу, заманбап окуу китептерин, окуу программаларын жана практикага багытталган окутуунун натыйжалуу ыкмаларын киргизүү, билим берүүнүн мазмунун жана форматын эмгек рыногунун талаптарына ылайык келтирүү. Саламаттык сактоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана сапатын жогорулатуу, фармацевтикалык коопсуздукту камсыз кылуу, системаны натыйжалуу башкаруу, сергек жашоо образын кармануу. Калктын бардык топтору үчүн минималдуу деңгээлдеги социалдык коргонуунун натыйжалуу чараларын киргизүү, санариптик трансформация, электрондук кызматтар аркылуу жөлөкпул, пенсия, жардамга онлайн кайрылуу мүмкүнчүлүктөрүн киргизүү, маалымат базаларын интеграциялоо аркылуу бардык мамлекеттик органдарынын маалыматтарын бириктирүү", - деди Маматканов.

Депутаттар Салтанат Аманова, Гүлай Машрапова, Токтобүбү Ашымбаева аялдар менен балдарды колдоо, социалдык коргоо системасын чыңдоо, билим берүү тармагындагы чараларды күчөтүү, анын ичинде инклюзивдүү ыкмаларды өнүктүрүү жана сапаттуу билим алууга тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилешти.

Эл өкүлү Болот Сагынаев санитардык авиацияны өнүктүрүү маселесин карап чыгууну сунуштады.

Президент Садыр Жапаров Улан Маматкановду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып 15-апрелде дайындаган.

44 жаштагы Улан Маматканов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында төрөлгөн. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 2005-жылы Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде баштап, андан бери өкмөттүн түзүмүндө бир катар кызматтарды аркалаган. Ал Министрлер кабинетинде социалдык тармакты тейлейт.

Садыр Жапаров буга чейин Эдил Байсаловду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотуп, Кыргызстандын АКШдагы элчиси кылып дайындаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Элдар Жакыпбеков жана УКМКнын мурдагы тергөөчүсүнүн камактагы мөөнөтү узардыПрезиденттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү Жамалдинов эки айга камалдыКыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 24 ардагери калдыКыргызстанда курулуш тармагында өсүш дээрлик 30% түздү