Садыр Жапаров Шахановдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу казак элине көңүл айтты

Мухтар Шаханов. Бишкек. 2021-жыл

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевге көрүнүктүү казак акыны, Эл жазуучусу Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Садыр Жапаров көңүл айтуу катында Кыргыз эл акыны, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Казакстандын Кыргызстандагы биринчи элчиси, Чыңгыз Айтматовдун жана мүлдө кыргыз элинин досу Мухтар Шаханов дүйнө салды деген суук кабарды өтө кайгыруу менен кабыл алганын билдирген.
Шаханов "казак элинин эле эмес, кыргыз элинин дагы калк агасы, таянар тоосу" болгонун белгилеген.

"Кыргыз журтчулугу дагы бир аскар тоосунан, дагы бир рухий таянычынан ажырап, бир капталы эңшерилип, жүрөгү канап турган учуру. Мындай залкар инсандардын келбес жайга кетишин элибизде “билгенге бүтүндөй бир доор кетти” деп коюшат. Чындыгында эле Мухтар аганын акка моюн сунушу менен бүтүндөй түрк ааламынан бир доор кетти", - деп жазылган катта.

Мамлекет башчы казак элине, акындын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтарын кошумчалаган.

Мухтар Шахановго Кыргызстанда “Кыргыз эл акыны” наамы жана “Данакер” ордени ыйгарылган.

Кыргыз, казакка бирдей таанылып, акын, дипломат, коомдук ишмер катары жигердүү иштеп, курч сөздөрү, акыйкат кеби менен кадыр күткөн чоң таланттын ээси Мухтар Шаханов 19-апрелде 83 жашында дүйнө салды. Акындын саламаттыгы начарлап, соңку жылдары ооруп жүргөн.

Шаханов 1993-2003-жылдары Казакстандын Кыргызстандагы элчиси катары эмгектенген. Ал кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен жакын чыгармачыл жана достук байланышта жүрүп, “Аскада калган аңчынын ыйы” аттуу жыйнакты жарыялашкан.

Шахановдун “Чындык формуласы жана махабаттын Эверест чокусу” аттуу китебинде Айтматовго арналган эскерүүлөрү камтылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Мухтар Шахановдун кашкөйлүгү, Желтоксон окуясыЭлдар Жакыпбеков жана УКМКнын мурдагы тергөөчүсүнүн камактагы мөөнөтү узардыПрезиденттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү Жамалдинов эки айга камалдыКыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 24 ардагери калды