"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген.
Ридха Аббас Хижазинин үйү Израил менен Ливан атышууну токтотуу тууралуу макулдашкандын жуп алдында соккуга туш болгон. Ал күнү, 16-апрелде Тир шаарынын 51 жаштагы тургуну биринчи кабатта жайгашкан дүкөндө, иште болчу.
Ливандын мамлекеттик кабар агенттиги эртеси билдиргендей, ал турак жайдын астынан 13 кишинин сөөгү жана аман калган 35 жарадар чыгарылган. 15 кишинин дайыны табыла элек:
"Катуу добуш угулду, дубалдар бороондой болуп мага жакындаганын сездим. Мен, мага чейин атам дубалдарды бекемдебесе, ошол жакта көмүлүп калмакмын. Агам ал күнү шейит кетти. Ок атпоо келишими күчүнө киргенине 4-5 күн болуп калса да, анын сөөгүн алып чыга албай коюшту".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Израил-Ливан экинчи сүйлөшүүгө даярданууда
ЦАХАЛ Рейтер агенттигинин ошол соккуга байланыштуу комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.
Ок атышпоонун күчүнө кирүүсүнө саналуу мүнөт калганда Израил алдыңкы 24 саатта "Хезболла" согушкер уюмунун жайлары бутага алынганын билдирген.
Тегерандын таламын талашкан согушкерлер 2-мартта Израилге ракета атып баштаганда, ЦАХАЛ Ливандын түштүк аймагын жана башкааласын бомбалоого киришкен.
Ок атышууну убактылуу токтотууга Ак үйдүн арачылыгы менен жетишилген.
Израилдин соккуларынан ураган үйлөр. Ливандын түштүгү, 15-апрель, 2026-жыл
АКШнын Мамлекеттик департаментиндеги атын атабаган булак Израилдин жана Ливандын өкүлдөрү 23-апрелде Вашингтондо жолугушарын билдирди. Кийин маалыматты тараптардын арсмий өкүлдөрү тастыктады.
"Эртең Вашингтондо Израил менен Ливандын түз сүйлөшүүлөрү жанданат. Ливандын өкмөтүн "Хезболла" силердин аймагыңарда курган террорчул мамлекетке каршы чогуу күрөшүүгө үндөйм", - деп айтты 22-апрелде Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар.
Ливандын премьер-министри Наваф Салам анын өкмөтү "Хезболла" менен тирешүүнү каалабаганын, бирок жоочулардын опузалоосуна жол бербесин билдирди.
"Биз Вашингтонго бир эле максат менен баратабыз. Сүйлөшүүлөрдө Израилдин Ливандан толук чегинүүсүнө жетишүүнү көздөйбүз".
Дагы караңыз
"Бир күндө 250дөй өлүм". Израилдин Ливанга чабуулу, Ирандын келишим боюнча эскертүүсүСогушкер топ менен Израил атышпоонун шарттарын бузганы үчүн бири-бирин айыптап жатышат.
"Хезболла" Кфар Гилади конушунда ЦАХАЛдын артиллериясын учкучсуз учактар менен аткылаганын, Ливанды бутага алган плацдармды жок кылууну көздөгөнүн, Израилдин жарашуу шартын бузганына жооп кайтарганын айттуда.
Ал арада израилдик аскердин Ливандын түштүгүндө Ыйса пайгамбардын статуясын сындырганы чоң сынга кабылды.
"Миң жолу душман болсоң да, ыйык диний жайларды талкалоого укугуң жок. Түшүнүп атасыңарбы? Келип алып өлкөбүздө оюна келгенин кылууну каалашат. Бул деген диний ыйык символ, аны буза албайсыңар", - деп нааразы болду Бейруттун тургуну Али Хамид.
ЦАХАЛ күнөөлүүлөр табылганын жана эки аскер жоопко тартылганын билдирди. Маалыматка караганда, окуя негизинен христиандар байырлаган Дебел айылында болгон.
Дагы караңыз
Жакынкы Чыгыш: Трамп келишим узарганын айтты, блокада улануудаЛивандын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, 2-марттан 17-апрелге чейин 2 миң 294 кишинин өмүрү кыйылды. Арасында 177 бала жана 274 аял бар. Миллиондон көп киши жер которууга мажбур болду.
"Хезболла" канча согушкери окко учканын ачыкка чыгарбайт. Буга чейин уюмга жакын булактар марттын этегине карай 400 жоочу каза тапканы тууралуу кабарлаган.
Израил тараптан эки карапайым киши жана 15 жоокер набыт болду.