"Атомдук ажыдаар менен алыштык". Чернобылдагы кырсыкка 40 жыл

Реактор жарылган маалда 31 жумушчу жана өрт өчүрүүчү өмүр менен кош айтышкан.

Тарыхтагы эң чоң өзөктүк кырсыкка 26-апрелде 40 жыл болот. 1986-жылы ал күнү Украинадагы Чернобыл Атомдук станциясынын төртүнчү реакторунда жарылуу болгон. 40 жыл өткөндөн кийин эгемен Украина дагы бир апаатка, Орусиянын кол салуусуна туш болуп олтурат.  

Кырсыктан кийин ошол кездеги СССРдин чар тарабынан жүз миңдеген “ликвидатор” тазалоо иштерине тартылган. Арасында кыргызстандыктар да болгон.

Экологдор былтыр күзүндө орусиялык дрон реакторду коргогон жабдуунун сырткы катмарын тешип өткөндөн кийин радиоактивдүү чаң айлананы капташы мүмкүн деп эскертүүдө. Согуш көбүнүн саламаттыгы начарлаган чернобылчылардын турмушун да кыйындатты.

Валентина Ананенко Киевдеги көп батирлүү үйдүн тогузунчу кабатында турат. Былтыр ноябрда турак жай орус дрондорунун соккусуна кабылганда жанындагы батирлерди өрт чалып, түтүн бүтүндөй подъездди каптаган. Бул үй Чернобылда иштегендердин үй-бүлөлөрү үчүн курулган.

Батири өрттөнгөн Наталия Ходемчуктун күйөөсү 40 жыл мурунку кырсыктын алгачкы курмандыгы болгон. Орусиялык соккудан денеси күйгөн Наталия ооруканага жеткирилип, бирок дарыгерлер куткара албай калышкан.

Чернобылда каза тапкан Валерий Ходимчуктун жесири Наталия орусиялык соккудан набыт болду. Киев, 2025-жылдын 14-ноябры.

Валентина төшөктөгү күйөөсүн багат. Алексей Ананенко 1986-жылдын май айында Чернобылдагы экинчи жарылууну алдын алган деп айтылып келген үч жумушчунун бири.

Валентина орусиялык соккулар алдында жаңырган сиреналар 1986-жылкы окуяларды эске саларын, АЭСтеги авария терең психологиялык так калтырганын айтат:

"Согушту телевизордон көргөндө алыстагы бир окуядай, сага тиешеси жоктой кабыл аласың. Бирок үйүңө кирип келсе өмүр бою сени коштоп жүрөт. АЭСтеги кырсыкты согуш менен салыштырсак, жарылуулар даана сезилет. Бирок радиацияны сезе албаганың менен ден соолугуңа таасир тийгизет. Кесепети кала берет. Нерв системаңа залака алып келет".

2019-жылы президент Владимир Зеленский Алексей Ананенкого Украинанын Баатыры наамын ыйгарган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чернобыл апаатына 40 жыл болду

76 жаштагы Петро Гурин 40 жыл мурун Чернобылдагы өзөктүк кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандардын, ликвидаторлордун бири.

Окуя болгон маалда 31 жумушчу менен өрт өчүрүүчү ашыкча нурлануудан өмүр менен кош айтышкан. Ошондон бери миңдеген киши радиацияга байланышкан рак өңдүү оорулардан көз жумду. Бирок курмандыктардын саны жана адамдын ден соолугуна тийгизген узак мөөнөттүү кесепеттери азыркыга чейин талаш жаратып келатат.

Гурин ошол маалда экскаватор жана курулуш техникасын чыгарган заводдо иштечү. Ошол эле жылдын июнунда ишкана аны Чернобылдын радиация жайылган тилкесине жөнөткөн. Гурин менен кошо жиберилген 40 кишинин бешөөнүн гана азыр көзү тирүү. Анын айтымында, ликвидаторлордун бардыгынын саламаттыгы жабыркаган.

Советтик бийлик кырсыктын масштабын жашыруу үчүн кооптуу абалга карабай станцияга 100 километр жакын жердеги Киевде 1-майда Жумушчулар күнүнө арналган парад өткөргөн. Украинанын азыркы бийлиги СССРдин жетекчилигин авариянын себептерин иликтөөдө ката кетиргени жана анын масштабын жаап-жашыруу аракети үчүн айыптаган.

Чернобыл АЭСине курулуп жаткан саркофаг. Украина, август 1986-жыл

Гурин кээ бир кесиптештери Чернобылга барбаш үчүн дарыгерлерден справка алганын, бирок ал өзү жардамга барууну каалаганын айтат:

"Менин салымым канчалык чакан болбосун, атомдук ажыдаар менен алышып, анды ооздуктоого жана көзөмөлдөөгө жардам бергенимди билгем. Радиация бардык тирүү жанга сокку урган көзгө көрүнбөгөн душман".

Күнүнө 12 саат иштегенин айткан Гурин коргошун аралашкан бетонду экскаваторго жүктөчү. Андан ары бетон суу баржалары менен ташылып, жүк ташыган машиналар реакторго жеткирилчү. Ошентип кырсыкка учураган реактордо радиациянын сыртка чыгуусун алдын алган саркофаг курулган.

Төрт күндөн кийин ветеран-ликвидатор башы тегеренип, көкүрөк жагы ооруп, тамагы канап, металлдын даамы келе баштаганын айтат. Дарыгерлерге кайрылганы менен дагы бир иш нөөмөтүнөн кийин баса албай калган. Ошондо “бир-эки күн жашоом калыптыр” деген ой кеткен.

Советтик доктурлар радиацияга уулануу диагнозун коюудан баш тартышчу. Гуринге көп учурда стресстен келип чыккан нерв системасынын вегетативдик-васкулярдык дистониясына чалдыкканын айтышкан.

АЭСтеги аварияга чейин ал чанда ооруганын, Чернобылдан кайтып келгенден кийин 7 ай бою улам бир ооруканада дарыланганын, кан куюшканын айтып берди.

Ага анемия же аз кандуулук, ангина, панкреатит жана башка диагноздор коюлган.

Калган ликвидаторлорго караганда карыя салыштырмалуу узак өмүр сүрүп келатат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2021-жылдагы маалыматына ылайык, украиналык эркек кишилердин өмүрүнүн узактыгы 66 жашты түзгөн. COVID пандемиясынан кийин бул көрсөткүч төмөндөгөн.

Ардактуу эс алуудагы Гурин Черкассы облусунда аялы Ольга менен жашайт. Ден соолугу анча жакшы болбогону менен баян чертип, ыр, обон жазат.

Азыркыга чейин атомдук апааттын кесепетин жоюуга байланыштуу майыптык пенсиясын алуу үчүн күрөшүп келатат.

Чернобыл апаатына арналган мемориал

Согуш да анын жашоосун өзгөрттү, жүрөгүндө терең так калтырды. Пенсионер жубайы менен Холодный Яр деген жерге небереси, мындан 3 жыл мурун 26 жашында согушта каза тапкан Андрей Воробкалонун мүрзөсүнө барып турушат.

Кызы Европага эмгек миграциясына кеткенден бери Андрей алардын колунда өскөн.

"Биз бассак-турсак Андрейди ойлой беребиз, аны жоктойбуз. Грецияда бардыгы бар болчу. Ал жактагы жумушун, үйүн таштап Украинаны коргоого келген... Орусия башка адамдардын өмүрүнө, гумандуулукка кайдыгер. Улам бир жерде кандуу согуш башташат – Чеченстан, Осетия, Абхазия, Трансднестр, Сирия".

Ал арада украин бийлиги жарыялаган "Гринпистин" жаңы докладында айтылгандай, орусиялык соккулар Чернобылдагы радиоактивдүү чаңдын жайылышына алып келиши мүмкүн. Былтыр дрондордун бири саркофагдын сыртындагы катмарды тешип өткөн.

Эколог адистер эскерткендей, АЭСтин жанына урулган соккулар жердин силкинишине алып келип, өзөктүк калдыктарды жаап турган каптын урашына алып келиши кытымал.

Ошол учурда калыбына келтирүү жана куткаруу иштерине 4 миңден ашык кыргызстандык жарандар өз ден соолуктарын тобокелге салып катышкан.

Апааттан кийинки калыбына келтирүү жана куткаруу иштерине Кыргызстандан 4 000ден ашык жаран тартылган.

40 жыл мурда ден соолугун, өмүрүн тобокелге салып союздаш республикага жөнөгөн ардагерлерге мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу маселесин быйыл Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлнара Акимбаева көтөргөн эле.

Ал, тилекке каршы, радиациянын кесепетинен көпчүлүгү майып болуп, бүгүнкү күндө ошол адамдардын арасынан 800дөйү гана калганын айтып, эскерүү иш-чараларын өткөрүүнү жана аларга социалдык колдоону жакшыртууну сунуштаган.