Орусиянын Ярославлдагы мунай заводуна сокку урулду

Ярославлдагы "Славнефть-ЯНОС" мунай заводу украиналык дрон чабуулунан кийин. 26-апрель, 2026-жыл.

Жекшембиге караган түндө Украинанын аскерлери Орусиянын Ярославль облусундагы мунай иштетүүчү "Славнефть-ЯНОС" заводун бутага алды.

Күбөлөрдүн сүрөт жана тасмалары, ошондой эле спутник аркылуу Жердеги өрттөргө көзөмөл кылган NASA FIRMS сервисинин маалыматтары жарыяланды.

Ярославль облусунун губернатору Михаил Евраев Телеграм каналына "украиналык дрондордун ири чабуулунун мизи кайтарылганын" жазган.

Чабуулга Вологда облусунун Череповец шаарындагы "Апатит" ишканасы да кабылган. Губернатор Георгий Филимоновдун айтымында, соккудан беш адам жаракат алган, алардын биринин абалы оор.

PhosAgro Group компаниясынын курамына кирген "Апатит" акционердик коому Европадагы жер семирткичтердин, фосфор жана күкүрт кислоталарынын эң ири өндүрүүчүсү экени веб-сайтында жазылган. Бул заводго быйыл 13-апрелде да Украина чабуул болгон.

Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиге караган түнү Ярославль жана Вологда облустарынын үстүнөн украиналык 49 дронду жок кылганын билдирди.

Маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болду. Орус аскерлери Украинага күн сайын сокку уруп жатат. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.

Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясынын каржы булагы деп эсептелген мунай заводдорун жана башка объектилерин маал-маалы менен бутага алып келет.

Дагы караңыз

Ормуз көйгөйү: Эл аралык энергетикалык кризиске аз калдыбы?Сирия Хмеймим авиабазасын машыгуу борборуна айландырууну көздөп жатканы маалымдалдыАКШдагы иш-чара маалында ок атуу болгону кабарланып, Трамп баштаган бийлик өкүлдөрү эвакуацияланды Бишкекте концерт учурунда бомба тууралуу жалган маалымат берген адам кармалдыАлайда күчү 3 баллдык жер титирөө катталдыТрамп Уиткофф менен Кушнер Исламабадга барбай калганын билдирди