Баткенде жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Баткен районундагы Чоң-Кара айылында жубайлардын өлүмү тууралуу комментарий берди. Милициянын маалыматында 26-апрелде Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Кара айылынын 45 жаштагы тургуну (К.А.) 44 жаштагы жубайын (Э.Г.) бычак менен сайып өлтүрүп, кийин өзү асынып каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, 26-апрелге караган түнү үйдө балдар уктап жатканда жолдошу аялын бир нече жолу бычак менен сайып, аял окуя болгон жерде каза болгон. Андан соң К.А. үйүнүн короосундагы өрүк бакка асынып каза тапкан. Окуя болгон жерден далил катары ашкана бычагы жана жип алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Тергөө жүрүп жатат.

Маркумдардын артында беш баласы калганы айтылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгон. Мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган. Ошондой эле былтыр Кылмыш-жаза кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 36 кылмыш иши козголгон. Жалпысынан бул багыттагы укук бузууларга байланыштуу 6 миңден ашуун протокол түзүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

1-апрелден тартып социалдык кызматкерлердин да айлыгы көбөйдүСаратовдогу абак ооруканасында чыккынчылык үчүн соттолгон адам көз жумдуКөк-бөрү федерациясынын президенти кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыИлим Карыпбековго Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салындыТрамп Уиткофф менен Кушнер Исламабадга барбай калганын билдирди