1-апрелден тарта Кыргызстандагы бардык мугалимдердин айлык акысы бирдей көтөрүлдү. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 27-апрелде билдирди. Анын сөзүнө караганда, жалпы билим берүү тармагында иштеген 190 миңге жакын кызматкердин айлыгы жогорулады.
"Көтөрүү ставкага жараша болот. Башталгыч класстардыкы 16, тарбиячылардыкы 10, жогорку класстардын же предметтик сабак берген мугалимдердин ставкасы 18+ саат. Эгер андан төмөн болсо 50% коэффициенттик жогорулатуу болот. Агартуу тармагында иштеп жаткан мугалимдердин базалык айлык акысы 7040 сом өлчөмүндө негиз болсо, ошондон тарта жогорулай баштайт. Педагогикалык стаж үчүн 10-30% көбөйөт. Мындан тышкары класс жетекчилиги үчүн 2100 сом кошумча акча белгиленет. Бийик тоолуу аймактарда иштегендер үчүн да ошого жараша төлөнөт", - деди Кендирбаева.
Буга чейин мугалимдердин айлыгы көтөрүлүп, ага президенттик компенсация кошуларын билдирген. Президенттик компенсация мугалимдерге бир ставка үчүн 15 миң сомдон, ал эми кенже техникалык кызматкерлерге 5 миң сомдон төлөнөрү айтылган.
Президент Садыр Жапаров быйыл мартта айрым бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын 1-апрелден жана 1-сентябрдан тартып эки этап менен жогорулатуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Мамлекет башчы былтыр күзүндө 2026-жылдын апрель айынан тартып мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сомдон 40 миң сом болуп көтөрүлөрүн билдирген.
Кыргызстанда 2,5 миңдей мектеп бар, мугалимдердин саны 80 миңден, окуучулардын саны 1 миллиондон ашат. (ZКo)