Өкмөттө эл аралык санкцияларга байланыштуу кеңешме өттү

Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 27-апрелде эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жыйында ушул таптагы кырдаал, тобокелдиктер жана иштеп жаткан чектөөлөрдүн мүмкүн болуучу кесепеттери талкууланып, аларды этабы менен алып салуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.

Мамлекеттик органдар Министрлер кабинетинин жетекчилигине эл аралык милдеттенмелерди аткаруу, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатуу жана экспорттук-импорттук операцияларга көзөмөлдү күчөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат беришти.

Кыргызстандын санкциялык маселелер боюнча Батыш өлкөлөрүндөгү өнөктөштөр менен тынымсыз диалог кылуу, мамлекеттик мекемелерге кыргыз компанияларын Батыштын санкциялык тизмелеринен чыгаруу боюнча чараларды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Европа Биримдигинин дипломаттары Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин макулдашкан. Анын алкагында Кыргызстанга да металлдарды кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, видео маалыматтарын берүүчү модем, маршрутизатор сыяктуу байланыш каражаттарын сатууга тыюу салынат.

Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн дооматын четке кагып, соңку чаранын кесепети деле жок экенин билдирген.

Батыш өлкөлөрү Орусиянын өзүнө санкция салгандан сырткары ага көмөктөшкөн өлкөлөрдөгү компанияларга жана жеке адамдарга экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.

2026-жылдын башына карата 28 кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирди. 28 ишкананын 14ү санкциялык товарларды Орусияга жеткирүүгө айыпталса, 4 компания акчаны адалдоо жана алтынды мыйзамсыз сатууга байланыштуу, 2 ишкана Орусиянын мунай компанияларынын туунду ишканалары катары санкцияга илинген. (BTo)

Дагы караңыз

Президент Жапаров жакындары жеке бизнес менен гана алектенерин билдирдиПрезидент Жапаров Шаирбек Ташиев күнөөсүн мойнуна алганын айттыАКШдагы иш-чара маалында ок атуу болгону кабарланып, Трамп баштаган бийлик өкүлдөрү эвакуацияланды Орусия Украинага 144 дрон менен чабуул койду. Одессанын портуна зыян келтирилди Садыр Жапаров Ташиевдин “75чилерге” тиешеси бар-жогун тергөө аныктай турганын айттыСаммитке байланыштуу быйыл жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталатБаткенде жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголдуСаратовдогу абак ооруканасында чыккынчылык үчүн соттолгон адам көз жумду