Асаналиев баш болгон үч адамга санкция жарыялоо сунушталды. Бишкектин билдирүүсү

Башкы прокурор Максат Асаналиев, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев, Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын мурдагы башчысы Марат Пирназаров. Коллаж.

Улуу Британиянын парламентинин жогорку палатасы - Лорддор палатасы Кыргызстандын башкы прокурору баштаган үч адамга санкция киргизүүнү британ Тышкы иштер министрлигине сунуштады. Алар кыргыз аткаминерлерин “Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат” деп айыптоодо.

Британ депутаттарынын сунушу

Лорддор палатасынын 20дан ашык өкүлү кыргыз бийлигиндеги аткаминерлерге жеке санкция салууну сунуштады. Британ Тышкы иштер министрлигине жолдогон сунушунда алар кыргыз тарап "Орусияга санкциялардан качууга жардам берип жатат" деп белгилешкен.

Сунушта "Кыргызстанга каршы аракеттене турган учур келгени", "Орусияга каршы санкцияларды айланып өтүүгө ачыктан ачык катышкан кыргыз аткаминерлери кесепеттерге дуушар болушу керек" экени жазылган:

"Орусиянын согуш машинасын каржылык жактан колдоо үчүн шарт түзүүгө жооптуу болгон негизги кыргыз чиновниктерине карата жеке санкция киргизүү маселесин тез арада карап чыгууга чакырабыз".

Лорддор палатасынын 20дан ашык өкүлү жазган катта учурдагы башкы прокурор Максат Асаналиевдин, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаевдин жана Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын мурдагы башчысы Марат Пирназаровдун ысымы аталган. Доомат арткан тарап "А7А5 стейблкоини аркылуу каражат сарпталганын, жылчыктардан дагы деле Орусияга үчүнчү мамлекеттер аркылуу соода-сатык болуп жатканын" айткан.

"Азаттык" бул маселеге байланыштуу комментарий алуу үчүн Башкы прокуратурага кайрылды. Мекеменин маалымат катчысы Мирлан Ашыралиевден азырынча жооп боло элек.

Мелис Тургунбаев менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Ал эми катта аты аталгандардын дагы бири Марат Пирназаров чалганыбызда кийинчерээк байланыша турганын айтты, бирок андан кийин телефон чалганыбызда кабыл алган жок.

"Азаттык" аты аталган үч адамга тең бере турган маалыматы же комментарийи болсо, микрофон сунууга даяр.

Лорддор палатасынын мүчөлөрүнүн бул сунушу тууралуу 24-апрелде жарыяланды.

Анын алдында, 23-апрелде, Европа Биримдиги Орусияга Украинага кол салганы үчүн санкцияларынын 20-топтомун расмий бекиткен. Анын алкагында Кыргызстанга да металл кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, видео маалыматтарын берүүчү модем, маршрутизатор сыяктуу байланыш каражаттарын сатууга тыюу салынган.

Кыргызстан британ парламентарийлеринин сунушуна байланыштуу азырынча үн ката элек.

Расмий Бишкектин сыны

Ал эми Европа Биримдигинин Орусияга каршы санкцияларынын 20-пакетине Кыргызстанга байланыштуу да чектөө киргизилгенине өкүнүч билдирди. Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 27-апрелде билдирүү таратып, расмий Бишкек санкциялык чектөөлөрдү алдын алуу үчүн Евробиримдик менен диалогдо ачык, жоопкерчиликтүү жана конструктивдүү мамилени карманарын, ошол эле учурда кызыкчылыктарды, ачык-айкындуулукту жана ишенимди өз ара эске алуу зарыл деп эсептей турганын белгиледи:

"Ушуга байланыштуу, туруктуу сүйлөшүүлөргө, европалык өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз сапарлардын алмашуусуна, ошондой эле Европа Комиссиясынын талаптарына ылайык суралган бардык документтештирилген маалыматтардын өз убагында берилишине карабастан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары көргөн чаралар тууралуу маалымат да берилгенине карабай, кыргыз тараптын позициясы мурдагыдай эле эске алынбай, иш жүзүндө көңүл сыртында калып жатканы олуттуу түшүнбөстүктү жаратат. Мындай бир тараптуу чечимдер эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн алкагында калыптанган ишеним атмосферасын солгундатып гана тим болбостон, Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасы менен, ошондой эле жалпы Борбор Азия өлкөлөрү менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, аймактын туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү жана өнөктөштүктү чыңдоо боюнча бир нече жолу билдирген ниеттерине ачык каршы келери өзгөчө тынчсызданууну пайда кылат".

Ошону менен катар тышкы саясий мекеме Кыргызстан эл аралык укук нормаларын, ак ниет эл аралык кызматташтык принциптерин, өз мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин бекем сактаган өлкө экенин белгилеп, "бир тараптуу чектөө чараларын колдонуу аракетине карата тынчсыздануусун билдирди".

Билдирүүдө Кыргызстан "ачык-айкын, кесипкөй, саясатташтырылбаган диалогду жактай турганы" да айтылып, төмөнкүдөй чакырык айтылды:

"Европа Биримдигин ырааттуу, салмактуу жана чыныгы конструктивдүү мамиле кылууга, кыргыз тараптын позициясын тиешелүү түрдө эске алууну камсыз кылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууга өтүүгө чакырат".

28 кыргызстандык компания "кара тизмеде"

Британ тарап Кыргызстанда катталган, орус рублине байланган А7А5 стейблкоини эл аралык криптовалюта базарында чоң көрсөткүчтөргө жетип, акча жүгүртүү көлөмү жылдан жылга өсүп жатканын белгилеген.

Быйылкы жылдын башына карата 28 кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирди. 28 ишкананын 14ү санкциялык товарларды Орусияга жеткирүүгө айыпталса, төрт компания акчаны адалдоого жана алтынды мыйзамсыз сатууга байланыштуу, эки ишкана Орусиянын мунай компанияларынын туунду ишканалары катары санкцияга илинген.

Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан быйыл 26-февралда Бишкек сапары алкагында Евробиримдиктин санкциясына түшкөн кыргызстандык банктардын Орусияга санкциядан буйтоосуна көмөктөшкөнү боюнча "ишенимдүү маалыматтар" бар экенин билдирген эле.

Кыргызстандан акча жүгүртүүгө байланыштуу “Толубай Банк” жана “Евразия сактык банкы” деген менчик жана мамлекеттик “Керемет Банк, “Капитал Банк” күмөндүү финансылык схемаларга катышкан деген доомат менен “кара тизмеге” илинген.

Сүйлөшүү, талкуу, түшүндүрүү зарылдыгы

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Токтошев дооматтардын күчөй бериши өлкөдөгү соода-сатыкка, мамлекеттер ортосундагы дипломатиялык келишимдерге жарака кетириши мүмкүн, ошондуктан өкмөт же парламент жооп бериши зарыл деп эсептейт:

Эмил Токтошев

“Өкмөт өзүнчө комиссия түзүп, жооп бериши керек. Алардын депутаттары ачык айтып чыгышты. Биздин өкмөт же Жогорку Кеңеш да пикирин билдириши керек. Бул саясий билдирүү болгондон кийин биздин өлкө менен Евросоюздун ортосунда мамиле, соода-сатык бар. Эми мындан ары ал тармакта дыкат көзөмөл күчөп, иштешүүгө тоскоолдуктар боло баштайт. Ошондуктан бул кайрылууга жооп берүү керек”.

А7А5 деп аталган стейблкоин өткөн жылы Кыргызстанда катталган. Буга чейин эл аралык изилдөөлөр анын артында Молдовадан Орусияга качып өткөн олигарх Илан Шор турарын жазып чыгышкан. А7А5 стейблкоиндин алыш-бериши бир жылга жетпеген убакытта 100 миллиард доллардан ашканын атайын каржылык борборлор эсептеп чыгышкан.

Экономист Эрлан Камалов өлкөдөгү акча жүгүртүүдөгү негизги тармактардын, көзөмөл органдарынын башчыларына карата чектөө салуу маселесине тиешелүү реакция жасалбаса анда кесепети оорлошо бериши мүмкүн экенин айтууда:

Эрлан Камалов

“Кайсы бир адамдын алешемдигинен ушул жагдайлар жаралган болсо, белгилүү чечимдер кабыл алынат деп ойлойм. Эгерде биз реакция кылбай турган болсок, мындан дагы катаал чараларга туш болушубуз мүмкүн. Орусияда мигранттарга болгон мамиле катаалдашкан сайын ошол Улуу Британия, Германия, Түркия, Түштүк Корея, АКШ сыяктуу мамлекеттерге жумуш издеп кетип жаткандар абдан көп. Ошондуктан биздин мигранттарыбыз да санкциялык мамилелерден келечекте зыян тартып калбагандай аракет жасашыбыз керек”.

Маселени эки тарап чогуу талкуулашы керек деген оюн экономис Төлөн Абдыров да билдирди:

Төлөн Абдыров

“Келгиле, биз даярбыз, кызыкчылыктарыбыз болсо чогуу талкуу жүргүзөлү деш керек. Бирок накта далилдер жок болуп жатат да. Сөздөр абдан көп. Эми бул бизди Орусиядан бир аз ары тартуу ыкмасына окшоп жатат мага”.

Кыргыз бийлиги Батыштын санкция саясаты алкагында коюлган дооматтарын четке кагып келет.

Президент Садыр Жапаров былтыр сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө да ушул маселеге кайрылып, Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган.

Ошентип, британ депутаттарынын сунушу Батыш өлкөлөрү арасынан Кыргызстандагы жеке кызмат адамдарына карата санкция киргизүү тууралуу алгачкы демилге болууда.

Максат Асаналиев өлкөнүн учурдагы башкы прокурору, ал эми Мелис Тургунбаев Улуттук банкты 2024-жылдын июнь айынан быйыл 18-мартка чейин жетектесе, Марат Пирназаров каржы көзөмөл мекемесинде башчы болуп 2023-жылдын май айынан тартып быйыл 16 мартка чейин иштеген.