Улуттук банк эсептик ченди 12% калтырып, азык-түлүк 10,8% өскөнүн билдирди

Улуттук банктын имараты.

Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырып, чечим 28-апрелде күчүнө кирди.

Өлкөнүн негизги банкы дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда баалардын өсүшүн шарттаганын билдирди. Мекеменин маалыматында акыркы эки айда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунан дүйнөдө дан эгиндеринин, өсүмдүк майынын баасы кымбаттады.

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда инфляция (17-апрелине карата) 3,9% түздү (жылдык мааниде 11,3%). Азык-түлүк 10,8%, андан башка товарлардын баасы 9,2%, тамеки жана алкоголдук продукция 8,9% жогорулаган. Кызмат көрсөтүү чөйрөнсүндө баалардын өсүшү мындан да көп болуп - 17,2% түздү.

Январь-март айларында өлкөнүн реалдуу Ички дүң өнүмү 10,1% өстү. Экономиканын өсүшүнө мурдагыдай эле кызмат көрсөтүүлөр, өнөр жай жана курулуш негизги салым кошууда.

Эсептик чен - инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет.

Коммерциялык банктар өзүнүн пайыздык чендерин аныктап жаткан учурда Улуттук банктын эсептик ченине багыт алышы кажет. Улуттук банктын эсептик чени жогору болсо, коммерциялык банктардын насыялары менен депозиттеринин пайыздык чендери да жогору болот, төмөн болсо төмөндөйт. (BTo)

Дагы караңыз

Кылычбек Cултан Пакистандагы элчи кызматынан кеттиАкыйкатчы: Алимент өндүрүү маселеси жапырт социалдык көйгөйгө айлануудаКөп аялдуулук боюнча кол топтогон Чотонов милицияга чакырылдыАнтимонополия билет баасы боюнча авиакомпанияларга эскертүү бердиФинляндия согушту айыптаган орусиялык эне-баланы өлкөдөн чыгарууну убактылуу токтоттуТрамп катышкан иш-чарада ок чыгарган адамга "президенттин өмүрүнө кол салуу" айыбы тагылдыБишкек Европа Биримдигинин санкциясын сынга алдыОрунбеков өкмөт BELES автобусун эмнеге сатып албай жатканын айтты