Анда Евробиримдиктин чечимдери бир тараптуу деп аталып, калыптанган ишенимди солгундатары айтылган. Өткөн аптада Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин макулдашкан. Анын алкагында Кыргызстанга металл кесүүчү станок жана үн, сүрөт, видео маалыматтарын берүүчү модем, маршрутизатор сыяктуу байланыш каражаттарын сатууга тыюу салынат.
Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетинде Кыргызстанды да атагандан беш күн өткөн соң расмий Бишкек бул чечимге жообун берди. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 28-апрелде тараткан билдирүүдө Кыргызстандын бул санкцияларга кирип калганын расмий Бишкек өкүнүү менен кабыл алганы айтылды.
Кыргыз расмийлери Европа Биримдиги кабыл алган чечимди бир тараптуу деп атады.
"Ушуга байланыштуу туруктуу сүйлөшүүлөргө, европалык өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз сапарлардын алмашуусуна, ошондой эле Европа комиссиясынын талаптарына ылайык суралган бардык документтештирилген маалыматтардын өз убагында берилишине карабастан, анын ичинде Кыргызстандын мамлекеттик органдары көргөн чаралар тууралуу маалыматтар да берилгенине карабай кыргыз тараптын позициясы мурдагыдай эле эске алынбай, иш жүзүндө көңүл сыртында калып жатканы олуттуу түшүнбөстүктү жаратат",- деп айтылды билдирүүдө.
Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин дипломаттарынын баары Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин жактырышканы 22-апрелде маалым болду. Бул чечим Орусия Украинага кол салгандан бери киргизилген ири чаралардын бири болуп калды.
Орусиянын мунайын жана мунайзаттарын деңиз аркылуу ташууга толук тыюу салуу, орусиялык компанияларды жана кемелерди тейлөөнү чектөө, активдерди тоңдуруу сыяктуу чаралар бар. Орусиялык жана башка өлкөлөрдөгү аскердик өндүрүш тармагында иштеген 120 адам жана компания "кара тизмеге" киргизилет.
Мына ушул чаралардын ичинде Кыргызстан да чектөөгө туш болуп, металл кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, видео маалыматтарын берүүчү модем, маршрутизатор сыяктуу байланыш каражаттарын сатууга тыюу салынды.
Ошентип, Кыргызстан Орусия менен катар Евробиримдиктин санкциялык пакети алкагында экинчи чектөөгө туш болгон алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп калды.
Дал ушул чараны кыргыз бийлиги адилетсиз деп атап, бирок маселени чечүү алкагында Европа менен кызматташууга даярдыгын билдирди:
"Мындай бир тараптуу чечимдер эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн алкагында калыптанган ишеним атмосферасын солгундатып гана тим болбостон, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасы менен, ошондой эле жалпы Борбор Азия өлкөлөрү менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, аймактын туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү жана өнөктөштүктү чыңдоо боюнча бир нече жолу билдирген ниеттерине ачык каршы келери өзгөчө тынчсызданууну пайда кылат".
Бул жолу салынган санкциялардын 20-пакетинде Орусиянын жеке жана юридикалык жактарынын баарын эске алганда жалпысынан кеминде 116 жаңы субъект тизмеге кошулду. Анын 33ү чиновниктер, олигархтар, пропагандачылар болсо, калганы заводдор жана транспорттук компаниялар.
Каржы маселесине байланышкан "кара тизмеге" бул жолу орусиялык 20 банкка толук бөгөт коюлду, Кыргызстандын эки банкы да бар. Энергетика, мунай, газга байланыштуу көмүскө флоттун 46 танкерине чектөө киргизилди. Ушуну менен, бул кошумчалардын баарын эске алганда, Орусиянын көмүскө флотундагы жалпысынан 632 кеме тизмеге киргизилди.
Европа өлкөлөрү Кыргызстанды санкциялардан айланып өтүп, чектөө коюлган товарларды Орусияга өткөрүп жатат деп айыптап келет. Бирок кыргыз бийлиги алар айткан жүйөлөр тастыкталбаганын, эл аралык нормаларга ылайык талаптарды сактап жатканын жүйө келтирүүдө. Санкциялардын 20-пакетин киргизер алдында өлкө бийлиги тынчсыздануусун билдирип, февраль айында өз жүйөсүн айтуу үчүн Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливанды Бишкекке чакырып, сүйлөшүүлөрдү өткөргөн эле.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров Батыш өлкөлөрү өздөрүнүн далилдерине таянып чектөө киргизип жатышканын айтып, мунун кесепети өлкөдөгү айрым ишкерлерге тийиши мүмкүн экенин эскертүүдө:
Элдар Абакиров
“Бизге санкция болгон жаман. Эртең кайсы бир ишкер завод курам десе, ал үчүн Европадан бир станок алыш керек болсо, анда бизге аны сатпай коёт. Кимдир бирөө реэкспорт кылган үчүн кыргыз ишкери зыянга учурап калат. Мындай кадамга өкмөт жол бербеши керек. Мындай операциялар Грузия, Казакстан, Армения, Кыргызстан аркылуу болуп жатканы буга чейин Европанын сайттарында жазылып келген. Согушка тиешеси бар товарларды өткөргөн, менимче, Кыргызстан эле”.
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов санкция боюнча Кыргызстандын позициясын туура деп эсептейт. Ал Евробиримдиктен кошумча далилдерди талап кылуу зарыл экенин айтууда:
Аликбек Жекшенкулов
“Бул жерде Евросоюз өзүнүн басым кылуучу саясатын жүргүзүп жатат. Биздин мамлекет Борбор Азияда Кытай менен Орусиянын ортосунда жайгашкан. Мунун баары саясат. Буга чейин айтылган криптовалюта боюнча далилдери жок. Эгер бар болсо, кенен түшүндүрүп берсин”.
Кыргыз бийлиги санкциялардын бардык талаптарын сактап келе жатканын айтууда.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касмалиев кечээ да жыйын өткөрүп, коюлган талаптарды сактоого мекеме жетекчилерин чакырды.
Быйылкы жылдын башына карата 28 кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирди. 28 ишкананын 14ү санкциялык товарларды Орусияга жеткирүүгө айыпталса, төрт компания акчаны адалдоого жана алтынды мыйзамсыз сатууга байланыштуу, эки ишкана Орусиянын мунай компанияларынын туунду ишканалары катары санкцияга илинген.
Кыргызстандан акча жүгүртүүгө байланыштуу “Толубай Банк” жана “Евразия сактык банкы” деген менчик жана мамлекеттик “Керемет Банк, “Капитал Банк” күмөндүү финансылык схемаларга катышкан деген доомат менен “кара тизмеге” илинген.
Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан быйыл 26-февралда Бишкек сапары алкагында Евробиримдиктин санкциясына түшкөн кыргызстандык банктардын Орусияга санкциядан буйтоосуна көмөктөшкөнү боюнча "ишенимдүү маалыматтар" бар экенин билдирген эле.
Кыргызстандын бийлиги Украина менен Орусиянын ортосундагы согушта бейтарап турумду карманарын билдирип, санкцияларга байланыштуу Батыш өлкөлөрүнүн дооматтарын четке кагып келет.
Президент Садыр Жапаров былтыр сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө да ушул маселеге кайрылып, Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган.