Украинада дрон соккусунан адам өмүрү кыйылды, жараат алгандар бар

Харьков. Орусиянын кезектеги соккусунун кесепети. Архив.

29-апрелге караган түнү Украинанын Сумы аймагында Орусиянын дрон жана ракета соккусунан жарандык инфраструктура зыянга учураганын, өрт чыгып, бир адам каза болгонун аймактык аскердик администрациянын башчысы Олег Григоров билдирди.

"Чабуулдун кесепетинен турак жай аймагында ири өрт чыккан. Тилекке каршы, имараттардын биринде жашаган 65 жаштагы аял көмүртек кычкыл газынан ууланып каза болгон... Дагы эки адам медициналык жардамга кайрылган. Калган тургундар тез арада эвакуацияланган", - деп жазды Григоров Telegram баракчасына.

Чабуул коюлган Шостка аймагы Украина менен Орусиянын чек арасына жакын жайгашкан жана орусиялык дрондордун чабуулуна көп кабылат.

Өткөн Орусия Украинанын Харьков аймагынын бир нече районуна да дрон менен чабуул койгонун мэр Игорь Терехов билдирди. Анын айтымында, чабуулдан бир адам жаракат алды.

Соккулар инфраструктуралык объектилерге жана турак жайларга тийген: көп кабаттуу үйлөрдөгү терезелер талкаланган, ал эми даракка тийген дрондун калдыктары жеке сектордогу бир нече үйгө зыян келтирген.

Орусиянын чек арасына жакын жайгашкан Харьковго орусиялык аскерлердин чабуулдары жана соккулары дайыма болуп турат. (RK)

Дагы караңыз

Орусиянын Туапсе аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды ИИМ Бишкек электр тармактар ишканасынын директорун кармадыКамила Талиева үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууну күчөтүү керектигин айттыДепутат Сариев Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө көбүрөөк каражат бөлүүгө чакырды