Баткендин сел жүргөн айылдарынан 149 адам эвакуация болду

Баткендеги селдин кесепети.

2-майда Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында жүргөн селден кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ак-Татыр айыл аймагынын Өрүкзар, Керме-Тоо, Үч-Дөбө айылдарында болжол менен 50 турак жайдын короолорун сел каптап, анын ичинен 10 үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирген.

Сел жүргөн айылдардан жалпы 149 адам эвакуацияланып, (35 үй-бүлө), туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылган. Ошондой эле Ак-Татыр айылындагы Садыков атындагы орто мектепке адамдарды убактылуу жайгаштыруу жайы уюштурулган.

Селдин кесепеттерин жоюу иштерине жарандык коргонуу кызматтарынан жана жергиликтүү бийликтен жалпы 134 кызматкер, 22 техника тартылды. Селден улам Баткен районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Синоптиктер соңку күндөрү республиканын айрым аймактарында жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү коркунучу жогору экенин эскертишкен.

Нөшөрлөп жааган жаандан улам 1-майда Жалал-Абад облусунун Манас шаарында да сел жүргөн. 30-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунда сел суусу каптаган кээ бир жолдор убактылуу жабылган. 29-апрелде Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (JsA)

Дагы караңыз

Баткен районунда селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяландыАКШдан депортация болгон дагы 26 өзбек жараны мекенине кайтты Окуу жайларда контрактты көтөрүүгө мораторий киргизилдиПольшада тыңчылыкка айыпталган казакстандык дипломат бошотулдуХерсондо кичи автобуска жасалган соккудан эки адам мүрт кеттиИран Пакистанга АКШ менен сүйлөшүүнүн жаңы планын сунуштадыАмангелдиев санкцияга тиешеси бар компаниялардын каттоосу жокко чыгарыларын айттыЭкс-депутат Сатыбалдиев коомдук жайда тамеки чеккени үчүн айыпка жыгылдыИцхак Герцог Иран Кыргызстанды санкциядан буйтоо үчүн колдонушу мүмкүн экенин айтты