10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын туруксуздугуна жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондордо, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад жолундагы Көк-Арт жана Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашууларында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалар ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
10-майда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 16…21;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 15…20;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 17…19° жылуу болот.