Баткендеги селдин чыгымы 20 млн сомдон ашты

Баткендеги селдин кесепети. Май, 2026-жыл.

Быйылкы апрель, май айларында Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жүргөн селдин жалпы чыгымы 20 миллион 800 миң сомду түздү.

Селден жабыркаган турак үйлөр толугу менен тазаланып, залалсыздандыруу иштери аяктады, убактылуу коопсуз аймактарга көчүрүлгөн тургундар өз үйлөрүнө кайтты. Ошондой эле үйү жашоого жараксыз абалга келген эки үй-бүлө убактылуу бош турак жайларга жайгаштырылды.

Бул маалыматтар 10-майда Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматынын отурумунда айтылды.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилиги менен өткөн жыйында жаз-жай мезгилинде күтүлүүчү түрдүү кырсыктардын алдын алуу, адам өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу багытында жүргүзүлүп келе жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Облустун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарынын аймагында 30-апрелден 5-майга чейин катуу жааган жаандан улам каптаган селдин кесепеттерин аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер талкууланды.

Мындан тышкары, 7–12-май күндөрү жааган жана күтүлүп жаткан жаандан улам шашылыш билдирүүлөрдүн негизинде күч жана каражаттарды даярдыкта кармоо, тиешелүү иш-чараларды ыкчам жана өз убагында аткарууну уюштуруу боюнча тапшырмалар берилди.

29-апрелден тарта жааган жаан-чачындан улам Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарынын аймагында сел жүргөн. Селден Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагы өзгөчө жабыркап, натыйжада район аймагына “өзгөчө кырдаал” режими киргизилген. 2-майдын кечинде Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында катуу сел жүрүп, суу каптоо коркунучунан улам 149 адам эвакуацияланган. Сел 50гө жакын турак үйдү каптап, 10го жакын үйдүн ичине суу кирип кеткен.(JsA/ZKo)

Дагы караңыз

Ушаков ок атышпоо келишими узарбай турганын айтты "Өлбөс полк" жүрүшү: эскерүүбү же пропагандабы? Иликтөө: Орусия Украинадагы согушта 352 миң аскерин жоготту“Достук” соода-экономикалык паркы үч өлкөнү байытабы? Грузияда мыйзамсыз жүргөн 45 чет элдик жаран кармалды, арасында кыргызстандыктар бар